Өз конушун балдар үйүнө айландыргандар
Таласта Абдумалик Ахматов өз үйүн аутизм жана Даун синдрому менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борборго айландырды. Швейцарияда дарыгерлик кылган журтташыбыз Асан Кочкоровдун демилгеси менен Баткен шаарына ачылган көз оорулар үчүн эмкана ачылды. Орус классик адабиятчыларынын эмгегин 13 жашынан бери кыргызчалаштырып келген жаш котормочу. Бир үйдүн түйшүгүн тарткан окуучу кыз Айчүрөк оорукчан апасы жана иниси менен кайрадан көчөдө калганы турат. Ушул темаларды “Данисте” телеберүүсүнүн жаңы чыгарылышында көрө аласыздар.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 16, 2026Орловка: Кароосуз калган кенчилердин шаары
-
Ноябрь 06, 2026Үркүн. Эс тутум жайлар каткан сыр
-
Октябрь 26, 2026Аскат акын: "Токтогул көргөндү мен да көрдүм"
-
Сентябрь 28, 2026Талас: Төө буурчактан байыган дыйкандар
-
Сентябрь 14, 2026“Бир сандык акча”. Караколдогу “көпөстөр көчөсү”
-
Сентябрь 10, 2026Чолпон-Атадагы көкбөрү: Кыргыз-казак улакчылардын таймашы