Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Коронавирустан соңку бир суткада дагы сегиз адам өлдү


Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы сегиз бейтап көз жумду. Алардын алтоо - Бишкекте, экөө - Ысык-Көл облусунда.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары Ализа Солтонбекова соңку күндөрү COVID-19 илдетинен көз жумгандар көбөйгөнүн, 1-майдан 4-майга чейин 26 бейтап өлгөнүн билдирди.

4-майга карата 224 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 202 киши айыкты.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1630га жетти. Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 96 561, айыккандар 90 146 кишини түздү.

Вирус жуккандардын көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 3-майга карата 33 минден ашуун киши вакцина алды.

Расмий маалыматка караганда, Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Учурда кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "Astra Zeneca" вакцинасы да келерин билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG