Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Экспертиза Айзада Канатбекованын өлүмүнүн жаңы жагдайын аныктады


Айзаданын өлүмү коомчулукта катуу резонанс жараткан.
Айзаданын өлүмү коомчулукта катуу резонанс жараткан.

Соттук-медициналык экспертизада Бишкекте уурдалган Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталды. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

"Бишкек шаардык милициясы Айзаданын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин тергеп бүтүп, сотко жөнөттү. Анда Замирбек Теңизбаевге "адам уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоо" беренелери менен айып коюлду. Ишти иликтөөдө маркум зордукталганы аныкталды. Айзада каршылык көрсөткөн. Эспертизада анын буту-колдору тытылганы, көгөргөнү аныкталды".

Адвокат милиция ишти шашылыш тергеп сотко жөнөткөнүн, анда кайсы бир жагдайлар, маселен Айзада үзүлгөн убакыт аныкталбай калганын, ошондой эле милиция маркумду ыкчам, баарылап издегени тууралуу жасалма документтерди сотко жөнөткөн материалдарга тиркеп койгонун белгиледи.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Канатбекованын өлүмү дыкат иликтенгенин, 27 экспертиза дайындалганын, тийиштүү далилдер чогултулгандан соң сотко өткөрүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди.

Кыздын өлүмү Жазык кодексинин төрт - 130 ("Адам өлтүрүү"), 161 ("Зордуктоо"), 170 ("Адам уурдоо"), 175 ("Никеге туруу максатында ала качуу") беренеси менен иликтенген.

Айзаданы 5-апрелде Бишкекте үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү талаадан табылган.

Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болгон.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалган. 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган.

Бул окуя коомдо катуу резонанс жаратып, нааразылык акциялар өткөн жана анда милициянын иши сынга кабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG