Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Чек ара жаңжалы: Ооруканаларда 100 киши жатат


Баткенде бейтапканада жаткандар. 3-май, 2021-жыл.
Баткенде бейтапканада жаткандар. 3-май, 2021-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган 100 кыргызстандык ооруканада жатат.

Алардын арасынан оор абалдагы 59 адам Бишкекте, 41и Баткендеги бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары Ализа Солтонбекова 4-майда билдирди.

"Аларга дары-дармектер, кан жана медицина кызматкерлери жетиштүү", - деди ал.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары чек арадагы коогага байланыштуу кылмыш иштерин козгошту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG