Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Эмчектеги баласын ала албай жүргөн келин президентке кайрылды


Нурила Төрөканова.
Нурила Төрөканова.

Оштун Кара-Суу районунда мурдагы күйөөсүнөн баласын ала албай жүргөн 34 жаштагы Нурила Төрөканова президентке кайрылып, жардам сурады.

Ал 36 жаштагы Руслан Жураев 10 айлык баласын бербей жатканын айтууда.

4-май күнү Кара-Суу райондук соту анын арызынын негизинде ишти карап, наристени атасында калтыруу чечимин чыгарды. Буга жергиликтүү социалдык коргоо мекемесинин келиндин бала чоңойтууга шарты жоктугу тууралуу маалыматы негиз болгонун адвокат Мухайё Абдураупова маалымдады.

Руслан Жураев келин каалаган учурда баласынан кабар алып турса болорун, бирок "чоңойтууга шарты туура келбейт" деген негиз менен перзентти энесине бербестигин билдирди. Төрөканова шарты бар экенин, апасынын үйүндө жашай турганын айтып жатат.

Нурила Төрөканова менен Руслан Жураев диний нике менен жашап, расмий каттоодон өтүшкөн эмес. Жураевдин башка аялы жана эки кыз, бир уулу бар.

Нурила экөө 2020-жылы баш кошуп, уулдуу болгондон кийин оту күйүшпөй калган. Руслан келин эки жарым айлык баласын таштап апасыныкына кеткенин жүйө келтирсе, Нурила Төрөканова муну четке кагып, мурдагы күйөөсү баласын тартып алып, биринчи аялы менен бирге багып атканын айтып келет.

Руслан Жураев биринчи аялы төрөбөй калганына байланыштуу Нурилага үйлөнгөнүн “Азаттыкка” билдирди. Учурда Башбулак айылында биринчи аялы менен жашайт.

Нурила Төрөканова биринчи турмушунан төрт балалуу болгон. Талашып жаткан уулу анын бешинчи перзенти. Азыр Руслан Жураевден дагы алты айлык боюнда бар экени ырасталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG