Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Индияда COVID-19га чалдыккандардын расмий саны 20 миллиондон ашты


Нью-Дели шаарындагы коронавирусту жугузуп алган бейтаптарды дарылаган оорукана, 29-апрель 2021-жыл.
Нью-Дели шаарындагы коронавирусту жугузуп алган бейтаптарды дарылаган оорукана, 29-апрель 2021-жыл.

4-майда Индияда өпкөнү сезгенте турган коронавирусту жугузуп алгандардын расмий саны 20 миллиондон ашты. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку бир суткада дагы 357 миң кишиден вирус табылды.

Муну менен Индияда акыркы үч ай ичинде эле COVID-19га чалдыккандардын саны дээрлик эки эсе көбөйдү. Илдеттен көз жумгандардын расмий саны 220 миңден ашты.

Бирок адистер өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандар менен андан каза тапкандардын чыныгы саны алда канча көп экенин, үйүндө же ооруканага жетпей кайтыш болгон жүздөгөн адамдар расмий статистикага кошулбай калганын айтып жатышат.

Вирус кеңири жайылып кеткендиктен Индияда ооруканаларда керебеттер, дары-дармектер жана кычкылтек концентраторлору алигиче жетишсиз болуп жатат.

АКШдагы Браун университетинин Коомдук саламаттык боюнча мектебинин деканы, белгилүү эксперт Ашиш Жха Индия айрым аймактарга карантин киргизип, калкты тесттен өткөрүүнү күчөтүшү зарылдыгын, ошондой эле беткап эрежесин бекем сакташы керек экенин билдирди. Ал 1,4 миллиарддай калкы бар өлкөнү алдыңкы апталарда оор күндөр күтүп турганын эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG