Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Ооганстандагы селден 14 адам өлдү


Ооганстандын Парван провинциясындагы суу каптоодон кийинки жагдай, 26-август 2020-жыл.

Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында катуу жамгырдан кийинки сел кеминде 14 адамдын өмүрүн жалмады. Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Жаилани Фархад 4-майда билдиргендей, бир күн мурда Адраскан районун каптаган селден каза болгондордун арасында төрт өспүрүм бар. Каза тапкан эки кишинин тек-жайы аныкталбай жатат.

Гераттагы башка эки райондо да сел жүргөнү кабарланганы менен андан кандай зыян келгени айтыла элек. Соңку эки күн ичинде провинциянын көпчүлүк аймактарында катуу жамгыр жааган.

Ооганстандын аймактарында маал-маалы менен сезондук суу каптоо катталып турат. Анын кесепетинен турак жайлар, айдоо аянттары жана коомдук инфраструктура зыян келген учурлар көп болот.

Былтыр август айында Ооганстандын 13 провинциясындагы катуу нөшөрдөн кийинки селден 150дөн ашуун адам каза тапкан.

2019-жылдагы суу каптоо Ооганстанда 180 миңдей адамдын турмуш-тиричилигине кедергисин тийгизип, 10 миңдей турак жайды кыйраткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG