Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Ооганстанда сел 38 кишинин өмүрүн алды


Ооганстандын Вардак провинциясын сел каптады. 26-август, 2020-жыл.
Ооганстандын Вардак провинциясын сел каптады. 26-август, 2020-жыл.

Түнү менен жааган нөшөрдөн улам башталган сел Чарикар шаарында 40тай адамдын өмүрүн алды. Арасында балдар жана аялдар көп экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

Кабулдан 60 чакырым түндүктө жайгашкан бул шаарда жүздөгөн турак-жай жабыркады. Табият кырсыгынан жаракат алгандар да көп.

Курман болгондор мындан да көп болуп чыгышы мүмкүн экени айтылууда. Анткени дайынсыз жоголгондор да көп.

Ооганстан чыгышындагы Вардак провинциясын каптаган селден дагы беш киши каза болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG