Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Тажик бийлиги чек ара жаңжалында Исфаранын 10 тургуну өлгөнүн ырастады


Раджаббой Ахмадзоданын жаңжалда курман болгондордун жакындары менен жолуккан учур, Исфара, 5-май 2021-жыл.
Раджаббой Ахмадзоданын жаңжалда курман болгондордун жакындары менен жолуккан учур, Исфара, 5-май 2021-жыл.

Тажикстандын бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда Исфара районунун 10 жайкын тургуну мерт болгонун ырастады.

Курман болгондордун тизмеси 5-майда жарыяланды. Буга чейин бийлик курмандыктар тууралуу расмий маалымат бербей жаткан.

Кыргызстан менен чектеш Согд облусунун бийлиги шаршемби күнү билдиргендей, Исфаранын жаңжалда каза тапкан тургундарынын үй-бүлөлөрүнө 70 миң сомонилик (6,2 миң доллар) материалдык жардам көрсөтүлөт.

5-майда облустун губернатору Раджаббой Ахмадзода жаңжалда каза тапкандардын үй-бүлөлөрү менен жолугуп, алардын балдары мамлекеттик колдоого алынарын айтты.

“Озоди” радиосу чек ара чатагында каза болгондордун толук тизмеси белгисиз экенин жазды. Радионун кабарчылары 28-30-апрелде жана 1-майда болгон окуяларда Тажикстандын 20 жараны мерт болгону, алардын кеминде жарымы аскер кызматкерлери экени аныкталганын билдиришүүдө.

Куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 36 жараны курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Алардын арасында үч аскер кызматкери жана Лейлектин Интернационал айылынын 12 жаштагы тургуну Мадина Рахматжанова да бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги "жаңжалды биринчилерден болуп баштады" деп бири-бирин айыптап жатат. Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары чек арадагы окуя боюнча кылмыш ишин козгошкон.

Орус президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москвадагы жолугушуусунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалды талкуулай турганы белгилүү болду.

Мадинанын өмүрүн уурдаган миномет огу
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:12 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG