Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:32

"Озоди": Чек ара жаңжалынан Тажикстандын 20 жараны каза тапты


Кыргыз-тажик чек арасына жакын Сомониён айылынын тургундары.
Кыргыз-тажик чек арасына жакын Сомониён айылынын тургундары.

"Озоди" радиосу 28-30-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон жаңжалда каза тапкан тажик жарандарынын саны 20га жеткенин билдирди.

Бул тууралуу Чорку айылынын башчысы Шукурхон Насриев радиого ырастап, Набиев армияда кызмат өтөп келгенин билдирген. Маалыматка караганда, кайтыш болгондордун теңинен көбү же 11и аскер кызматкерлери.

Тажик өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын санын расмий жарыялай элек. "Озоди" радиосу Тажикстанда соңку чек ара жаңжалынан 90дой адам жабыркаганын маалымдады.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Жүздөй адам дале ооруканада жатат.

Кыргызстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү 1-майга караган түнү ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG