Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

Мишель Бачелет чек ара чырында каза болгон кыргызстандыктар үчүн терең кайгыруусун билдирди


Мишель Бачелет
Мишель Бачелет

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон кыргызстандыктар үчүн терең кайгыруусун билдирди.

Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, Женевада иш алып барган Данияр Мукашев 4-майда Бачелет айым менен чек арадагы кризисти талкуулады.

Мукашев 28-30-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагындагы коога тууралуу маалымат бергенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын өкүлү калабада курман болгон кыргызстандык 36 адамдын басымдуу бөлүгү жөнөкөй жарандар экенин, арасында 5 жана 12 жаштагы балдар бардыгын белгилеп, талкаланган турак жайлар тууралуу айтып берди.

Мукашев тажик тарап эл аралык милдеттенмелерди бузуу менен кыргызстандыктардын укуктарын, анын ичинде жашоого болгонун укугун бузганын айтты. Ошол эле учурда Кыргызстанда чек ара маселелерин согуш жолу менен эмес, тынчтык ыкмасындагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө кызыкдар экенин кошумчалаган.

Мишель Бачелет кыргыз-тажик чегиндеги жагдайга башынан бери кылдат байкоо салып келатканын билдирип, кыргыз өкмөтүнүн чырды ырбытпоого жасаган аракетин кубаттады. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы эки өлкөдөгү кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө аларын айтты.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажикстанда 20 киши көз жумганын, 90дой киши жарадар экенин "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG