Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:52

Чек ара: ички-тышкы саясатты кайра карап чыгуу талабы


Максат айылы, Баткен.

Баткендеги соңку жаңжал Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң чоң чек ара чатагы болуп калды. Бул окуя өлкөнүн мамлекеттүүлүк маселесин козгоп, көз карандысыздыгына шек келтирди.

Ошол себептен коомчулукта Кыргызстан ички жана тышкы саясатын кайрадан терең карап чыгышы керектиги тууралуу талкуулар күчөдү.

Чырдан кийинки бүтүм

Кыргыз-тажик чек-арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы чыр-чатакка байланыштуу сабырдуу жана мелүүн позицияны карманып келген Кыргызстандын бийлиги эми гана жагдайга кайсы бир деңгээлде баа бергендей болду.

Президент Садыр Жапаров 29-апрелдеги билдирүүсүндө коомчулукту “чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого” чакырса, 30-апрелдеги видео кайрылуусунда “калабага чагымчыл күчтөрдү” айыптап, “маселелер тынчтык сүйлөшүүлөр менен чечилиши керектигине” басым жасады.

Ал эми 2-майдагы видео билдирүүсүндө риторикасын бир аз өзгөртүп, болуп өткөн окуяны өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө жана көз карандысыздыгына шек келтирген жагдай катары баалады:

“28-30-апрель күндөрү касиеттүү Кыргызстандын эли үчүн тарыхый, оор, сыноонун да, кайгынын да күндөрү болду. Ыйык Ата-Журтубуздун аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч келип, тынч жаткан элибиздин бейпилдиги бузулду. Бирок Кыргызстандын чек ара жана күч органдарынын күжүрмөн даярдыгы, моралдык жактан бийик даярдыгы жана каармандыгынын аркасында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактап кала алдык. Тилекке каршы чоң жоготууларга учурадык”.

Мамлекет башчы сөзүндө чатактын экинчи тарабы – Тажикстанга акарат келтирбей, кескин айыптоодон карманды.

5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасаганда кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан окуяларга күбө болушкандыгын белгиледи.

Мунун алдында коомчулукта президентти чек арадагы чатакты коңшу өлкөнүн агрессиясы катары таанууга жана ошого жараша кадамдарга барууга чакыргандар болгон. Ошол эле учурда кыргыз бийлигинин чатакка байланыштуу касташууга барбаган саясатын жактагандар да бар.

Талдоочу Чынара Эсенгул жагдайга мындайча баа берди:

Чынара Эсенгул
Чынара Эсенгул

“Биринчиден, бул окуядан улам башкарууда жана коопсуздукта көйгөй бар экенин түшүндүк. Чалгындоодо, андан кийин чечим кабыл алууда да маселелерибизди аныктап алгандай болдук. Абдан кооптуу абал түзүлүп калыптыр. Мүмкүн ага аналитика же чечкиндүүлүк жетишпейт чыгаар, ушундай чоң суроолор бар. Дипломатия иштебегендиктен согуштук жолго өттүк да. Жетекчилерибиз, дипломаттарыбыз сүйлөшүү жүргүзө алган эмес. Дипломатиянын өзүнүн ыкмалары, өкүлчүлүктөрү бар да. Ошолорду иштетиш керек эле. Азыр да алардын унчукпай отурганы мени өкүндүрүп жатат. Президенттик аппарат, өкмөттүк аппарат, анын ичинде Тышкы иштер министрлиги эмне үчүн отурат, эмне үчүн жанагы фактыларды алып чыгып, козгобойт? Ушундай суроолор көп болууда”.

Коомдук ишмер Максат Чакиев да сөздү ушул багытта улап, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал Кыргызстанда көп нерсени көрсөткөнүн белгиледи:

“Чындыгында көп нерсеге көзүбүз ачылды. Башкарууда, аскердик тармакта, ошол эле чек арада кадрдык жана башка чабалдык күчтүү экенин ачык көрсөттү. Бул - биринчиси. Экинчиси - биз 30 жылдан бери жөн гана эгеменбиз деген эйфорияда келатканыбызды ачык көргөздү. Биз эгемендикти чуркап, күрөшүп алган эмеспиз да, СССР тарап кетип эле, көз карандысыз мамлекет болуп калганбыз. Ошондуктан аны баалабай, ушул боюнча эле эгемен бойдон калабыз деп жүргөн экенбиз. Көрсө, аны жоготуп коюу коркунучу заматтын иши экен. Үчүнчүдөн, эгер ушинтип бүтүндүгүбүзгө коркунуч жаралса, бизге эч бир мамлекет же эч бир уюм жардамга келбейт экен. Бул дүйнөдө биз жалгыз экенбиз. “Бирдеме болуп кетсе бизге Батыш, Европа же Америка, Кытай же Орусия жардамга келет” деген сөз бул миф экен”, - деди Максат Чакиев.

Эл аралык уюмдардын чатактагы орду

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышка байланыштуу жардам бербеди жана реакция кылган жок деген кине жергиликтүү коомдо негизинен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) карата көбүрөөк айтылды.

Буга чатак уюмга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жана коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан учурга туш келгени себеп болду.

Министрлердин жыйыны 27-апрелде аяктаса, катчылардын отуруму кырдаал кескин курчуп, Тажикстандын армиясы чабуулга өткөн маалда уланып жаткан.

Юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов мындайча кепке кошулду:

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

“Менимче Кыргызстан ЖККУдан чыгышы керек. Анткени, анын эч кандай пайдасы жок. Ошондой операция болорун эмне үчүн күн мурун эскертишкен жок? Уюмдун тарапкерлери “ЖККУ тышкы душмандарга каршы союз, алар уюмдун ичиндеги карама-каршылыктар менен иштебейт” деп мүнөздөмө берип жатышат. Андай болсо өлкөлөр бир уюмга биригип жатышса, анда ич ара маселесин чечишип алып, бири-бирибиз менен согушпайбыз деп, келишип алып, биригиш керек болчу да. Борбор Азияда коопсуздукка байланыштуу негизги маселелер жер-суу, наркотрафик жана башка маселелердин тегерегинде эле айланат. Чек арада болгон окуялар да ушундан улам чыгат. Балким бул жолу ЖККУ бизге каршы атайын операция кылды деп деле жыйынтыктап койсок болот. Ошондуктан уюмдан чыгуу тууралуу ачык эле жарыялаш керек”, - деди ал.

ЖККУнун мүчөлөрү – Орусия, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан. Уюмдун баш катчылыгы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча 30-апрелде учкай билдирүү таратып, “ал тынчтык жолу менен чечилиши керектигин” маалымдаган. Бирок кийлигишүү тууралуу сөз болгон эмес.

Кыргызстан ЖККУдан сырткары Тажикстан менен бирге коопсуздукка байланыштуу чогулган бирикме - Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) да мүчө.

Бишкек мындан сырткары Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), Ислам кызматташтык уюму, Түрк тилдүү мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши, Экономикалык кызматташтык уюму (ЭКУ) сыяктуу уюмдардын курамында.

Мунун ичинде БУУ кыргыз-тажик чек арасындагы абалга тынчсыздануусун жарыяласа, ЕККУ эки мамлекеттин чек арада ок атышпоо тууралуу макулдашканын «туура кадам» деп баалаган.

Азырга дейре бир катар жергиликтүү саясатчылар жана уюмдар Кыргызстандын бийлигин окуяны иликтөө үчүн ушул уюмдарга кайрылууга чакырып жатышат.

28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу 3-майда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы "Тажикстан келишимдерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп кирген" деп кылмыш ишин козгогон.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы да 3-майда Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачкан. Тажикстан кыргызстандыктарды "башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон" деп айыптап, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" катары мүнөздөгөн.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Аскар Бешимов биринчи кезекте кыргыз бийлиги өзү окуяга байланыштуу билдирүү жасашы керек деп эсептейт.

“Башкы прокуратура берген аныктама козголгон кылмыш ишинин алкагында болду. Бирок бийлик бутактарынын башчылары бул окуяга расмий аныктама бербесе болбойт. Антпесе, биз дүйнөлүк коомчулукка кайрыла албайбыз. Өзүбүз баа берип, андан кийин көз карандысыз эксперттерди чакырышыбыз керек. Башка жол жок. Учурда эки өлкө бирин-бири айыптап жатат”, - деди Бешимов.

Ошол эле маалда башка эксперттер арасында жардамды сырттан издебей, маселени эки коңшу өздөрү чечип ала тургандай шарт жаратуу керек деп эсептегендер да бар. Алар башка өлкөдөн тынчтык орнотуучу күчтөр кирсе, абал мындан да татаалдап кетиши мүмкүндүгүн эскертишет.

Таалатбек Масадыков
Таалатбек Масадыков

Коопсуздук жана эл аралык байланыштар боюнча эксперт Таалатбек Масадыков эркин журналист Али Токтакуновго интервью берип жатып буларды белгиледи:

“Азыркы маалда аларды киргизүүнүн кереги жок. Анткени, биз азыр тынчтык орнотуучу күчтөрүн жайгаштырсак, саясат дагы уланып кетиши мүмкүн. Азыр өзүбүздүн күчүбүз менен кырдаалды жөнгө салышыбыз керек. Бул согуш тажик элине да, кыргыз элине да кереги жок болчу. Менин оюмча, соңку окуя чоң саясаттын кесепети болуп калды”.

Ички-тышкы саясатты кайра карап чыгуу сунушу

Кыргызстан эгемендик алардын алдында, 1990-жылы Ошто ири кандуу кагылыш катталган. Улуттар аралык жаңжалда расмий түрдө миңден ашуун адам өлгөнү айтылат. Бул “Ош окуясы” деген ат менен тарыхта калган.

“Өзбекстандын ислам кыймылынын” жоочулары 1999-2000-жылдары Тажикстан тараптан Баткендин жана Ош облусунун чек араларын бузуп киришкен. Бул “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деп аталып калган. Мында 53 жоокер каза болуп, 130дай киши жаракат алган.

2010-жылы апрель окуясында 90дой адам укук коргоо органдарынын окторунан улам каза болсо, ушул эле жылы июнь коогасында Ошто жана Жалал-Абадда улуттар аралык кагылыш кайталанып, 400дөй киши мерт болгон.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларында жылына ондогон чатактар орун алып келет. Алардын арты бир-эки кишиден, алды беш-ондон кишинин өмүрүн алды. 2021-жылдын апрелинин аягындагы окуя мына ушулардын эң ириси болуп калды. Мында кыргыз тараптан 30дан ашуун, тажик тараптан 20га чукул киши каза болду.

Окуялардан жыйынтык чыгарган эксперттик чөйрөдө Кыргызстандын бийлигин тышкы саясатты кайра карап чыгууга чакыргандар арбын.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул да мындай көз караштарга кошулат:

“Биз “Алдыңкы келечекте өзүбүздүн коопсуздугубузду кантип камсыз кылабыз?” деген суроого жооп берсек эле, көп нерсеге көзүбүз ачылат. Жалпы эл аралык мамилелерибизге ревизия кылып жатканыбызда, коопсуздук тармагында кызматташууга өзгөчө басым жасашыбыз кажет. Биякта кытайлар менен эч тынчыбаган уйгурлар турат, тиякта Орусия менен Украина салгылашып, ага Батыш аралашып жатат. Батыш өзү да биримдикте эмес, Европа Биримдиги өзү бир, АКШ улам өзүнчө обочолонуп жатат. Бул жакта болсо Тажикстан жана Өзбекстан, андан ары Ооганстан. Ушунун баарын анализдеп, келечекте кимдер менен кызматташуу туура болот дегенди чечип алышыбыз кажет”.

Коомдук ишмер Максат Чакиев да тышкы саясатка көңүл бөлүп, аны менен бирге ички саясатты кайра карап чыгуу маанилүү экенин белгиледи.

“Биринчи кезекте тышкы саясатты кайра карап чыгып, жаңы доктринаны кабыл алышыбыз шарт. Буга чейин Орусиянын көзүн карап, толгон-токой уюмдарга кире бергенбиз, аларга такыр ишенбей, өз алдыбызча саясатка акырындан өтүшүбүз кажет. “Көп векторлуу” же жөн эле “векторлуу” деген саясаттан кайтып, керек болсо Кыргызстандын гана кызыкчылыгын алдыга койгон саясатка өтүшүбүз керек. Баары менен дос боло берели, бирок алардын айтканы менен жашабашыбыз керек. “Манастын тукумубуз, биз улуу элбиз, мыктыбыз” деген өзүбүздү алдамай ички саясатты токтотушубуз керек. Бул кайра эле өзүбүздү алдоого, эйфорияга алып келет. Биз сергек ой жүгүртүп, эмнеге даярбыз, эмнеге даяр эмеспиз деген суроолорго жооп таап алалы. Кадрдык саясатты оңдоп, экономиканы көтөрүшүбүз керек. Андан кийин стратегиялык тармактарга басым жасашыбыз керек. Маданият, социалдык тармактар да маанилүү. Бирок коргонуу жана коопсуздук биз үчүн эң маанилүү экенин аңдоого мезгил жетти”.

Кыргыз аскерине жана коргонуу тармагына азыраак көңүл бурулары мурдагы жылдары эле белгилүү болчу. Аны айрым саясатчылар жана ушул тармактын өкүлдөрү өздөрү анча-мынча козгогону болбосо, реалдуу кадамдар көп деле байкалган эмес. Соңку конфликт тармактагы кризисти ачык көргөзгөндөй болду.

Мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиев буларга токтолду:

Абибилла Кудайбердиев
Абибилла Кудайбердиев

“Жашыра турган эч нерсе жок. Кыргызстан кандай болсо, армия да ошондой. Өлкөдө акча жокпу, демек, армияда да акча жок. Акча жок болсо, жаңы техникалар жок, курал-жарак жок, күйүүчү май жок. Бизде куралдуу күчтөргө бөлүнгөн бюджетти айткандан да уялам. “Өзүңдүн армияңды бакпасаң, башканын армиясын багасың” деген сөз бар. Ошону үчүн мүмкүнчүлүк жетишинче коргонууга жана аскерге каражат бөлүп, камсыздаш керек. Чек арачыларды, аскерди көбөйтүш керек. Жаңы аскердик базаларды куруш керек, танктарды, артиллерияны жана башка техникаларды, курал-жарактарды сатып алуу кажет”.

Негизи, кайсы тармак болбосун, аны өнүктүрүү жана байытуу экономикадан жана бюджеттен көз каранды. Кыргызстандын анысы да, мунусу да акыркы жылдары ар кайсы себептерден улам төмөндөп жатат. Ички дүң өнүм былтыр 8,6% артка кетсе, быйыл биринчи кварталда 9,4% түштү.


Кыргызстандын бюджети былтыр 137 млрд. 100 млн. сом киреше, 172 млрд. 700 млн. сомго чыгаша менен чыккан. Натыйжада дефицит 35,6 млрд. сом болуп, Кыргызстандын эгемен тарыхындагы рекорддук чекке жеткен.

2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 172 млрд. 891 млн. сом, ал эми чыгашасы 181 млрд. 354 млн. сом болот деп белгиленген. Тартыштык 8 миллиард 463 миллион сомдун чегинде болот деп мерчемделүүдө.

Мындай жагдайда аскерди жана башка тармактарды өнүктүрүүгө акча табуу бийлик үчүн кыйла оорчулук жаратары айтпаса да түшүнүктүү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG