Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Грантка үмүт арткан Кыргызстан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов БУУнун өкүлүнөн парламенттик аппараттын маалыматтык-техникалык базасын калыбына келтирүүгө көмөктөшүүсүн суранды.

Чет өлкөлүк гранттарга иштеген бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчыларга теңөөгө аракеттенген мыйзам долбоорун бир нече ирет сунуштаган парламенттин төрагасынын бул өтүнүчү коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Гранттардын негизги бөлүгү мамлекеттик органдарга сарпталат

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен 23-апрелде жолуккан.

Жолугушууда Мамытов Кыргызстандагы мыйзамдарды жаңы кабыл алынган Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн Парламенттик аппараттын маалыматтык-техникалык базасын жаңылоо зарыл экенин билдирди. Төрага аталган база октябрь окуяларында талкаланганын маалымдап, БУУнун өкүлүнөн маалыматтык-байланыш ресурстарын калыбына келтирүүгө жардам берүүсүн өтүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен
БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен

Жогорку Кеңештин имараты бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларында талкаланып, техникалары жараксыз болуп калган. Имаратты оңдоп-түзөөгө депутаттар да салым кошуп, иш бөлмөлөр жана жыйындар залы оңдолгон.

Акыркы президенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо, референдумга добуш берүү чет элдик донорлордун көмөгү менен өткөн. Декабрь айынын башында Кыргызстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Артем Новиков Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело менен жолугушкан. Новиков кыргыз өкмөтү алдыдагы президенттик шайлоодо БУУнун колдоосун күтөрүн билдирген.

«Биз Туруктуу өнүгүү максаттарына жетиш үчүн бардык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярбыз. Эл аралык уюмдардын жардамы ишкерликти колдоого, мамлекеттик түзүмдү реформалоого, экономиканы өнүктүрүүгө жана башка программаларды ишке ашырууга шарт түзүп бере алат», - деген Артем Новиков.

"Экономикага келсе жардам, башкасына берилсе тыңчылыкпы?"

1992-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстан чет өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан 10 миллиард 193 миллион доллар алган. Анын ичинен 2 млрд. 873 млн. доллар - кайтарымсыз грант. Муну белгилеген эксперттер кайтарымсыз акча эң ириде мамлекеттик органдардын, бюджеттин кенемтесин толуктоого сарпталып келе жатканын белгилешүүдө.

Журналист, бир катар долбоорлор менен иштеп жүргөн Авланбек Жумабаев кыргыз бийлиги жалаң гранттар менен гана жыртык-тешигин бүтөп келе жатканын "Азаттыкка" билдирди:

Авланбек Жумабаев.
Авланбек Жумабаев.

"Былтыр коронавирус учурунда ЮСАИД, ПРООН, Сорос фонду сыяктуу эл аралык уюмдар беткап, коргоочу кийимдер менен камсыз кылышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумдарын анын мурунку мүчөсү Атыр Абдрахматова "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялап жүргөн. Атайын долбоордун негизинде "Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 40 миң доллар берип, бүгүнкү күнү БШКнын жыйындарын "Ютубда", түз ободо көрүп жатышат. Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, Финансы жана башка министрликтердин сайттарынан бери жалаң сырттан келген гранттардын негизинде даярдалган. КТРК да "коомдук телеканал" деген макамга жапон өкмөтүнүн грантынын эсебинен өткөрүлгөн".

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо, референдум өткөрүүдө талапкерлердин теледебаттарын өткөрүүдө студиялардын жасалгасынан тартып, журналисттердин калем акысы, эфир убактысынын пулуна чейин эл аралык уюмдар берген акчадан төлөнөт.

Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн грант алган бейөкмөт уюмдарды чет элдик "тыңчыларга" теңөө аракети байма-бай көтөрүлүп, алардын ишмердигин мыйзам менен жөнгө салуу парламент депутаттары тарабынан сунушталып жүрөт. Акыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңеште эле бул маселе эки ирет көтөрүлдү. 2016-жылы эки жолу каралып, бирок өтпөй калган "Коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоору былтыр үчүнчү ирет парламентке сунушталган. Авторлор анын максатын чет элден грант алган бейөкмөт уюмдардын финансылык ачыктыгын камсыздоо чарасы менен байланыштырган. Ал эми укук коргоочулар болсо мыйзам долбоорунда бейөкмөт уюмдун ишмердигин чектей турган ченемдер бар экенин айтып чыгышкан.

Бул мыйзам долбооруна каршы чыгып жүргөн депутат Жанарбек Акаев кесиптештерин кош стандартуулукка айыптады.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

"Пандемия башталгандан тартып жума сайын миллиондогон каражаттарды эл аралык уюмдардан алып жаттык. Экономикабызга келген акчаны жардам деп кабыл алынып, ага алкоо айтылат. Ал эми адам укугун, аялдардын, балдардын укугун коргоого, "адилеттик болсун, мыйзамдар иштесин" деп каражат бөлүнсө аны дароо "тыңчы, НПО" деп кош стандарттуу мамиле кылабыз. Ошол бейөкмөт уюмдардын ишмердигин текшерүү жөнүндө мыйзам жазган мекенчил болумуш депутаттардын алдындагы сүйлөп жаткан микрофону да керек болсо кайсы бир долбоордун алкагында, кайсы бир эл аралык уюм бөлгөн акчага алынган. Эл аралык уюмдар менен иштешип, экономиканы оңдоого аракет кылгандын ордуна, алар берген акчага президент, спикер, өкмөт баш болуп кийлигишет. Анан башыбызга кыйын иш түшкөндө аларга арызданып, даттанып, минтип жүз компьютер сурап отурганыбыз намысыбызга тие турган иш".

Эгемендик жылдары Кыргызстан сырттан алган акчанын эң көбү - 2,677 млрд. доллар бюджетти колдоого, андан кийин 2,612 млрд. доллар транспорт тармагын, 2,148 млрд. доллар энергетика тармагын реформалоого жумшалган. Төртүнчү орунда калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу же "Таза суу" программасын ишке ашыруу үчүн 387 млн. доллар бөлүнгөн. Мунун ичинен 234 млн. доллар насыя, калганы кайтарымсыз грант түрүндө болду. Бул долбоордун алкагында 177 айылга ичүүчү таза суу жеткирилген.

Айрым депутаттар сырттан келген акчанын көпчүлүк бөлүгү кумга сиңген суудай изи жок кеткенин белгилеп, грант, насыя акчанын кайда сарпталганын иликтеп, текшерүү зарылчылыгын көтөрүп жүрүшөт.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү, депутат Рада Туманбаева гранттардын жардамы менен ишке ашырылган долбоорлорду иликтөө керек деген пикирин айтты:

Рада Туманбаева.
Рада Туманбаева.

"Таза суу" программасы боюнча бөлүнгөн акчанын сарпталышы боюнча былтыр жыл аягында Жогорку Кеңештеги агрардык саясат, суу ресурстары комитетинде атайын комиссия түзгөнбүз. Комиссия суу жеткирилген деп айтылган айылдарды кыдырып, андагы иштин сапатын текшерип жатабыз. Азырынча он чакты айылды кыдырып, долбоор сапатсыз ишке ашырылганын аныктап, канааттанган жокпуз. Учурда АРИС менен чогуу жасалган иштердин баарын текшерип жатабыз. Комиссия ишин улантып жатат".

Туманбаеванын маалыматына ылайык, комиссия Чүйдөгү айылдардагы "Таза суу" программасынын ишке ашырылуусу боюнча иликтеди. Кийинки жумада Кербен, Өзгөн жана Кызыл-Кыя шаарларындагы ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоорунун иштери менен таанышат.

Экономика жана финансы министрлигинин быйыл 31-январга карата берген маалыматына караганда, Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд. 954,12 млн. доллар. Мунун ичинен 4 млрд. 221,61 млн. доллар тышкы, калганы ички карыз.
Министрликтин маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-кварталында мамлекеттик карызды төлөө үчүн республикалык бюджеттен 8 млрд. 101 млн. 83,5 миң сом бөлүндү. Анын ичинен 5 млрд. 382 млн. 952,4 миң сому тышкы карызды төлөөгө сарпталды. Былтыр мамлекеттик карызды төлөө үчүн 8 млрд. 976 млн. 431,6 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинен тышкы карызды жабууга 5 млрд. 41 млн. 535,4 миң сом жумшалган.

Расмий маалыматка ылайык коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстан былтыр чет элдик донорлордон 774 миллион долларлык жардам сураган.

Министрликтин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Нурбек Акжоловдун "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстан чет өлкөлөрдөн 380 миллион доллар алды:

Нурбек Акжолов.
Нурбек Акжолов.

"Быйыл биз Азия өнүктүрүү банкынан жана Европа биримдигинен 100 млн. доллар алабыз деп күтүп жатабыз. Бул акча коронавируска каршы күрөшүүгө жумшалат. Мындан тышкары быйылкы жылдын эсебинен вакцина үчүн 27 млн. доллар берүүгө Дүйнөлүк банк макулдугун берди. 2021-жылдын эсебинен биз тышкы донорлордон 516,6 млн. доллар күтүп жатабыз. Анын ичинен 213 млн. доллар грант".

Өкмөт быйылкы жылы жалаң грант алууну көздөп турат. Бүгүнкү күнгө карата кыргыз өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкы, Евробиримдик жана Дүйнөлүк банк менен 6 млрд. 317,3 млн. сом кайтарымсыз акча алуу боюнча түзүлгөн келишим бар.

Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу грант берүүчү уюмдардын башында ПРООН, ЕККУ, USAID, JIKA, "Сорос", Глобалдык фонд жана башка донорлор бар. Булардан тышкары чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү өзүнчө грант бөлүп келишет.

Мисалы, USAID айыл чарба, билим берүү, саламаттык сактоо, укук коргоо, сөз эркиндиги, адам укуктары, акыйкат шайлоо жана бизнести колдоо жаатында мамлекеттин өзүнө жана бейөкмөт уюмдар аркылуу грант берет. Уюмдун сайтындагы маалыматка ылайык, USAID Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп, бул аралыкта 600 млн. доллардан ашуун каражатты өлкөнүн өнүгүшү үчүн кайтарымсыз грант катары берген.

Ал эми «Сорос Кыргызстан» фонду жети тематикалык тармакка гранттарды берип келет. Алар - коомдук саламаттык сактоо, билим берүү, укук, жарандык катышуу, жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү, санариптешүү, изилдөө багыты.

1993-2018-жылдар аралыгында аталган багыттарда ар түрдүү жергиликтүү уюмдарга жалпы 98 миллион 800 миң доллар грант берген. Бөлүнгөн гранттардын 39% саламаттык тармагына берилүүдө.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG