Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Бейөкмөт уюмдардын ишин талкуулаган жыйындар өтүүдө


Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн талкуулаган жыйын.
Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн талкуулаган жыйын.

Ош жана Баткен облустарында бейөкмөт уюмдардын иш-максатын элге түшүндүрүүгө багытталган жолугушуулар өтүп жатат. Бул тууралуу 14-апрелде “Азаттык” радиосуна “Кыйноолорго каршы коалиция” уюмунун басма сөз кызматы кабарлады.

Уюмдун маалыматына караганда, «Луч Соломона» коомдук фонду өзбек тектүүлөр жыш отурукташкан айылдарды, мектеп-лицейлерди кыдырып, жолугушууларды алардын эне тилинде өткөрүүдө.

Фонддун жетекчиси Садыкжан Махмудовдун айтымында, быйыл февралда башталган иш-чара май айынын экинчи жарымында жыйынтыкталат:

"Адам укугу, коммерциялык эмес уюмдар эмне иш кылууда, элге кандай жардам берүүдө? Мына ушул боюнча кенен маалымат берип жатабыз. Ош шаарында, Кызыл-Кыштак айылында өткөрдүк. Эми Араван, Ноокат райондорунун айыл өкмөттөрүндө өткөрүүгө даярданып жатабыз".

Талкуу форматындагы иш-чараларда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу толук маалымат айтылып, суроолорго жооп берилүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, коомчулук арасында бейөкмөт уюмдар жөнүндө туура эмес маалымат тарап, аларды “агенттер”, “грант жегичтер” деп негизсиз атап жатышат. Ошондуктан элге туура маалымат жеткирүү максатында талкуулар уюштурулуп, укук коргоочулардын иши, карапайым элге көрсөткөн жардамы жөнүндө кеңири сөз болууда. Жолугушууга келгендер аялдардын жана балдардын укуктары, диний маселелер, адамдын жалпы эркиндиктери жана укуктары тууралуу суроолоруна жооп алууда.

Кыргызстанда соңку бир нече жылдан бери бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу жаңы мыйзам талкууланып келатат. Укук коргоочулар эгер ал кабыл алынса олуттуу чектөөлөр кирерин, адам укугуна жана эркиндигине сокку болорун айтып жатышат. Мыйзамдын демилгечилери андай кооптонууну четке кагып, бейөкмөт уюмдардын ишин иретке келтирүү аракети гана көрүлүп жатканын белгилеп келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG