Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Ош шаарында эки мектеп 14 күнгө карантинге жабылды


Оштогу "Жетиген" мектеби.
Оштогу "Жетиген" мектеби.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров мэрияга караштуу атайын комиссия мектептерди убактылуу жабуу тууралуу чечим кабыл алганын "Азаттыкка" билдирди:

"Ал комиссия бүгүн, 14-апрелде жыйынга чогулуп, "Олимп" жана "Жетиген" мектептерин 14 күнгө жабуу чечими кабыл алынды. Бул убакыт аралыгында калган окуучулардан вирус аныкталбаса кайра ачылат”.

13-апрелде шаардагы "Жетиген" жана "Олимп" мектептеринин ар биринде бирден окуучудан коронавирус чыккан. Эки мектепте тең 900дөн көп окуучу билим алат.

14-апрелге карата Ош шаарында COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар катталган жок.

Кыргызстанда коронавирусту 91 миңге чукул адам жуктуруп алды жана анын 86 миңден көбү айыкты. Бул илдет 1534 бейтаптын өмүрүн кыйды. (MrA)

XS
SM
MD
LG