Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Казак прокуратурасы Кордайдагы жаңжал боюнча айыпталгандарга жаза сурады


Кордайдагы жаңжал боюнча айыпталгандар сот залында
Кордайдагы жаңжал боюнча айыпталгандар сот залында

Казакстандын Тараз шаарында Кордайдагы улут аралык жаңжал боюнча сот уланууда. 13-апрелдеги жараянда прокурорлор бул иш боюнча айыпталган 51 адамга шарттуу түрдө жазадан тартып 20 жылга чейин абакка кесүүнү сурады. Алар «Массалык башамаландык», «Мыйзамсыз курал сактоо», «Каракчылык», «Адам өлтүрүү» деген беренелер боюнча айыпталууда.

Айыпталуучулардын ичинен 16 адам үй камагында, калгандары тергөө абагында.

Мамлекеттик айыптоонун сунушуна Казакстандагы дунгандар ассоциациясынын төрагасы Хусей Дауров нааразылыгын билдирди. Ал жаңжал маалында өз үйлөрүн коргогон айрым адамдарды 20 жылга чейин абакка кесүү сунушталса, улут аралык жаңжал уюштургандар шарттуу жазага тартылганы жатканын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда былтыр 7-февралда улут аралык чыр чыккан. Чатакта он киши каза болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган. Ондогон турак жайлар жана машинелер өрттөлгөн. Миңдеген дунгандар Кыргызстанга кире качышкан.

Буга чейин бул иш боюнча айыпталган жети адамга сот өкүмү чыккан. Алар кандуу кагылышууга катышканы үчүн үч жылдан төрт жылга чейин кесилген. Былтыр жыл аягында камалган жети кишинин төртөөнүн жазасы шарттууга алмаштырылып, абактан чыккан.

XS
SM
MD
LG