Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Ичүүчү суу менен санитарияга байланыштуу программа жарыяланат


Бишкектеги жаңы конушта.
Бишкектеги жаңы конушта.

Бүгүн, 17-сентябрда Кыргызстандын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды суудан арылтуу системаларын өнүктүрүү программасынын бет ачары өтөт.

Программанын жалпы бюджети 70,2 млрд. сом. Анын ичинен эки млрд. сом республикалык бюджеттин эсебинен. Калганы Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Швейцария Конфедерациясынын Экономикалык мамиле боюнча мамлекеттик катчылыгы (SЕСО), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, Кытай өкмөтү, Сауд өнүктүрүү фонду, ПРООН жана ЮНИСЕФ тарабынан каржыланат.

Иш-чарада АРИСтин «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун «Шарт түзөт» коммуникациялык стратегиясы да жарыяланат.

АРИСтин «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун өкүлү Айгүл Жунушалиеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул эки документ калкты суу менен камсыз кылуу, саркынды суудан арылтуу жана санитария жаатындагы маанилүү маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт.

«Программанын максаты - калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды суудан арылтуу системаларын куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо аркылуу элдин ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирди азайтуу», - деди Айгүл Жунушалиева.

Кыргызстандагы жалпы 1800 айылдын 653үндө таза суу жок. 2018-жылы 653 айылдын 69у таза суу менен камсыздалган. Мамлекеттик бюджеттен 2018-жылы таза суу секторуна 250 млн. сом бөлүнгөн.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу - президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүндө берген негизги убадаларынын бири.(ZKo)

XS
SM
MD
LG