Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:06

Президент кыргыз армиясын мактады


Президент кыргыз армиясын мактады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:48 0:00

Президент кыргыз армиясын мактады

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү заманбап аскердик техника менен жабдылып, кыргыз армиясы курал-жарак менен камсыз болуп жатканын айтты.

Коопсуздук жаатындагы эксперттер да Куралдуу күчтөрдүн абалына оң баа беришти. Бирок ошол эле учурда армиянын кудуреттүүлүгү боюнча эл аралык рейтингде Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен акыркы орундарды ээлеп турат.

Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөнүнүн 27 жылдыгына жана Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына карата Бишкектеги Опера жана балет театрында өткөн жыйында президент Сооронбай Жээнбеков чек ара коопсуздугу менен армиянын абалына токтолду.

Өлкө башчы учурда чек арада согуштук эмес, криминалдык жана экстремисттик-террористтик мүнөздөгү коркунуч күч экенин, алар мамлекеттин бекемдигин, чек арачылардын эркин сынап жатканын айтты. Ал акыркы жылдардагы аскер реформасы өз жемишин берип жатканын белгилеп, кыргыз армиясынын абалына оң баа берди:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Армиянын материалдык-техникалык жабдылышы жакшырды. Азыр да Куралдуу күчтөрдү заманбап курал-жарак, аскердик техника жана байланыш каражаттары менен жабдуу боюнча иштер жасалып жатат. Армия атуучу курал-жарактын модернизацияланган үлгүлөрү, вертолеттор, абадан кол салуудан коргонуу каражаттары, автомобил жана бронетанк техникасы менен камсыз болууда».

Мамлекет башчы аскер кызматкерлерине көрүлүп жаткан социалдык камкордук боюнча да сөз кылды. Президенттин маалыматына караганда, акыркы бир жарым жылда Куралдуу күчтөрдүн жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерине 267 батирлүү 9 турак жай курулду. Азыр 379 батирлүү дагы алты үй салынып жатат.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Акылбек Ибраев Куралдуу күчтөрдүн дарамети тууралуу «Азаттыкка» буларды айтып берди:

«Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрү, өздүк курамдын тартиби жана анын күжүрмөн даярдыгы дайым алдыда. Материалдык-техникалык жактан, аскерлерди тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоо толук жүргүзүлүүдө».

Аскердик техника, курал-жарак демекчи Кыргызстан бул жагынан көбүн эсе Орусиядан жардам алат. Кыргыз-орус өкмөттөрүнүн макулдашуусуна ылайык жыл башында чек араны коргоо жана өткөрмө пунктарын жакшыртуу максатында Орусиядан 125 автоунаа жана инженердик техника каражаттары келген.

Кыргызстан 2017-жылы Орусиядан Ан-26 үлгүсүндөгү эки аскердик учак да алган. Негизинен Орусия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө көмөк көрсөтүү жаатында 2013-жылы 1 миллиард долларга бааланган аскердик техника берерин билдирген.

Мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Кыргызстан алып жаткан аскердик жардам боюнча кыскача маалымат берди:

Абибилла Кудайбердиев.
Абибилла Кудайбердиев.

«Тилекке каршы, Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери бюджеттин тартыштыгынан улам армияга курал-жарак, заманбап техника сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Анткени армияга акча жетишсиз бөлүнөт. Ошондуктан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү, кыргыз армиясы аскердик кызматташтык аркылуу ар кайсы жактан келген аскер техникасын, куралдарды жардам катары алып атат».

Мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков Кыргызстандын учурдагы аскердик-техникалык базасы жаман эмес деген ойдо. Бирок ал заманбап техника менен жабдуу талабын четке какпайт.

«Албетте, бүгүнкү заманга жараша жаңы чыккан, автоматташтырылган техника алганга аракет кылышыбыз керек, - деди ал. - Экинчиден, аскер реформасын аягына чыгарыш керек. Башталган реформанын аягына чыкпай жатканы, анын кесепети учурда билинип жатат».

«Global Firepower» аскердик-аналитикалык порталынын 2018-жылдагы маалыматы боюнча Кыргызстандын армиясы дүйнөлүк рейтингде 136 өлкөнүн ичинен 91-орунда турат. Аталган порталдын баяндамасына ылайык, кыргыз армиясында 150 танк, 438 бронетранспортер, 159 оор техника, 30 жана 21 ракеталык түзмөк бар.

Өлкөдө армияда кызмат өтөөгө жарамдуу 3 миллион адам бар. Учурда аскер тармагындагылардын саны 13 700 кишини түзөт. Мамлекеттин Куралдуу күчтөрүнүн бюджети 240 миллион доллар деп эсептелген.

Армиянын кудуреттүүлүгү боюнча рейтингде Борбор Азия чөлкөмүнөн Өзбекстан 39, Казакстан 50, Түркмөнстан 80, Тажикстан 96-орундарда турат. Күч түзүмдөрү тармагын тескеген мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев уюмдун изилдөөсүнө кошула бербейт.

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

«Кыргызстан чакан мамлекет болгондон кийин коңшуларга окшоп өтө көп аскер кармоого муктаждык деле жок, - деди ал. - Бирок биздин аскерлердин адистик деңгээли, даярдыгы жана кадрдык курам коңшу мамлекеттен кем калбайт. Мүмкүн алдыда турабыз. Жогорудагы уюмдун рейтингин 100 пайыз туура деп саноо деле болбойт».

«Global Firepower» порталынын маалыматы боюнча Кыргызстан 2016-2017-жылдары бул рейтингде 108-тепкичте турган.

1992-жылы Кыргызстанда Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет түптөлгөн. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы 1999-жылы түзүлгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG