Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Чек ара: Тажикстандык студенттер өлкөдөн чыгарылганбы?


3-майда Тажикстанга Кыргызстандан кайтып барган жарандардын тизмеси. ("Азаттыктын" тажик кызматына келген сүрөт)
3-майда Тажикстанга Кыргызстандан кайтып барган жарандардын тизмеси. ("Азаттыктын" тажик кызматына келген сүрөт)

Чек арадагы жаңжал Кыргызстанда билим алып жаткан тажикстандык студенттерге кандай таасир этти?

Буга чейин тажик маалымат каражаттары кыргыз бийлиги тажикстандык студенттерди, анын ичинде жергеталдык кыргыз жаштарды да өлкөдөн чыгарып жатканын жазышкан.

Жаңыбай Эгемкулов Тажикстандын Жерге-Тал районунан келген. Ал Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде 3-курста окуйт. Аны менен чогуу дагы тажикстандык беш студент билим алып жатат.

Учурда Тажикстандан келген студенттердин айрымдары мекенине кайтса, калганы окуусун кадимки тартипте улантууда.

“Бизге университеттин жетекчилиги "коркутуулар же башка бир нерсе болсо, дароо айткыла" деп жатышты. Кээ бир студенттер айылына кетишти. Биз келип окуп жатабыз. Азыр жакшы. Мисалы, биздин тайпада алтоо болсок, бирөө Тажикстанга кетти. Калганыбыз кадимкидей эле окуп жатабыз. Эч ким эч нерсе кылган жок” - деди Жаңыбай.

Кыргыз-Өзбек университетинде жалпысынан 21 тажикстандык студент окуйт. Учурда алардын 20сы кадимки тартипте окуусун улантып жаткан экен.

Тарых факультетинин деканы Назира Тилекова окуу жайдын жетекчилиги 28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында катталган окуядан кийин Тажикстандан келген ар бир студенттин коопсуздугун көзөмөлгө алганын айтты.

Назира Тилекова
Назира Тилекова

“Төрт студентибиз онлайн тартипте Тажикстандан эле zoom аркылуу сабакка катышып жатат. 18 студентибиз 2-3-4-курста окуйт. Чек арадагы окуядан кийин тажикстандык студенттерибизди карап, жашаган жерлерин тактап, кураторлору менен коопсуздук боюнча иш алып бардык. Аларды азыркыга чейин кураторлору көзөмөлдөп турат”.

Ал эми Ош мамлекеттик университетинде коңшу Тажикстандан келген 600гө чамалуу студент билим алат. Университеттин жетекчилиги билдиргендей, 26-апрелден 15-майга чейин студенттер аралыктан окууга жөнөтүлгөн. Ага окуу жайда коронавирус жугузуп алгандардын саны көбөйүп, айрым тайпалар карантинге алынганы себеп болгон.

ОшМУнун тарбия иштери боюнча проректору Жылдыз Артыкова кете албай, окуусун улантып жаткан тажикстандык студенттердин ар биринин коопсуздугу көзөмөлгө алынганын билдирди.

Жылдыз Артыкова
Жылдыз Артыкова

“Бир да студентибиз "коркутту же эшигибизди тепкиледи" деп кайрылган жок. Биз ошондой болбосун деп коркуп баарын чогулттук. Ата-энелери чакырып, өз алдынча эле кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети аркылуу кеткендер да болду. WhatsApp группа ачып койгонбуз. Ага эч ким "бирөөлөр тийишти" деп жазган жок. "Баары жакшы" деп айтып жатышты”.

ОшМУ тажикстандык 16 студентти өздөрүнүн кайрылуусунун негизинде 3-майда автоунаа менен чек арадан өткөрүп, мекенине узаткан. Кетүүнү каалабагандары азыр да Ош шаарында окуусун улантып жатат.

Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагына кайтып барган студенттердин арасында онлайн окууга шарт жоктугуна кейигендери да бар.

Алардын бири Фируз Немаровдун айтканына караганда, университеттен "эпидемиологиялык кырдаал жакшырганда келесиңер" деп жөнөтүшкөн. Кыргызстандан кайтып барган дагы бир студент Некруз Аброров "былтыр кырдаал мындан начар болгондо эч ким бизди өлкөдөн чыгарган эмес" деп "Азаттыктын" тажик кызматына билдирди.

Оштогу жогорку окуу жайларда Тажикстандан келген 700гө жакын студент окуйт. Ал эми жалпы Кыргызстан боюнча канча тажикстандык студент билим алары тууралуу так маалымат жок.

Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттердин көбү Жерге-Тал жана Мургабда жашаган кыргыздар.

Депортациялоо аракети болгонбу?

“Азаттыктын” тажик кызматы Лахш районунун бийлиги берген маалыматка таянып, Кыргызстан соңку бир нече күндө тажик паспорту бар 42 адамды депортациялаганын кабарлады. Алардын көпчүлүгү Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагынын тургундары жана Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери экени маалым болду.

Лахш районунун башчысы Файзулло Баротзода "Азаттыктын" тажик кызматына 3-майда Тажикстанга кайтып келген 14 жарандын тизмесинин сүрөтүн берди.

"Алардын баары коронавируска тест тапшырган. Азыр үйүндө. Арасында балалуу үй-бүлөлөр да бар, калгандары студенттер. Бешөөнүн кош жарандуулугу бар", - деди район башчысы.

Эрнис Осмонбаев
Эрнис Осмонбаев

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев чет элдик жарандарды депортациялоо же өлкөдөн чыгарып жиберүү аракети болгон эмес деп ишендирди.

“Ички иштер министрлиги тарабынан чет өлкөлүк жарандарды депортациялоо иштери болгон эмес. Башка эле тизмени алып, "мына депортация кылып жатат" деген каралоо болуп жатат окшойт. Бирок биз так айтабыз. Биз тараптан депортация же өлкөдөн чыгарып жиберүү иштери болгон эмес”.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда чек-арада 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG