Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:24

Кооганы иликтөө: эки тараптын реакциясы, Москва механизми


Кыргызстан. Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Көк-Терек айылындагы өрттөлүп-талкаланган үй.

Апрелдин акыркы күндөрүндөгү кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу калаба боюнча кылмыш иштери козголгону жарыяланары менен эки тарап бирин-бири айыптаганга өттү. Мындай шартта жарандык коом өкүлдөрү эл аралык уюмдарга кайрылып, көз карандысыз, эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда.

"Окуя калыс иликтөөнү талап кылат"

Кыргызстандык жарандык коом өкүлөрү чек арадагы кандуу окуяга баа берип, эмне болгону тууралуу аныктама чыгаруу демилгесин көтөрүштү. Анткени тараптар окуяны бирде чек ара чатагы дешсе, кээде куралдуу кол салуу деп, бирине-бири айып тагышууда.

Дипломат Аскар Бешимов кармашкан эки тарап окуяны калыс иликтей албасын, ошондуктан көз карандысыз эл аралык иликтөө зарыл дегендердин бири:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

“Биринчи биздин мамлекет өзү баа берип, өзү аныктама бериши зарыл. Азыр тиги тарап да бизди айыптап жатат. Биз да аларды айыптап жатабыз. Мындай шартта кандуу окуяга көз карандысыз, калыс, эл аралык баа берүү үчүн эл аралык уюмдарга кайрылып, далилдерди көргөзүп, окуяны жеринен иликтөөгө мүмкүнчүлүк берип, ошонун негизинде чыныгы кандай окуя болгону тууралуу тыянак чыгарып бергиле дешибиз абзел. Азыр эки жаат болуп, бирин-бири айыптап жатканда мындан башка жол жок”.

Бактыгүл Каламбекова.
Бактыгүл Каламбекова.

Мурдагы элчи Бактыгүл Каламбекова мамлекеттер ортосундагы кагылышууну териштирүү татаал экенин айтты. Анын ырасташынча, эл аралык гуманитардык укуктун негизинде чек арадагы жарандык калкка кол салуу жана калктуу конуштарга карата оор куралдарды колдонуу сыяктуу аскердик кылмыштарды иликтеп, ишти эл аралык сотто кароо бул окуянын масштабын аныктап, андагы чыныгы күнөөкөрлөрдүн жүзүн ачат:

“Биринчи кезекте эл аралык иликтөө комиссиясын чакырардан мурун өзүбүз ага даяр болушубуз шарт. Даярдык болушу зарыл. Башкы прокуратуранын кылмыш иштерди иликтөөсү көпкө созула турган жараян. Бирок ага чейин көптөгөн көз карандысыз, коомдук комиссиялар түзүлөт. Бул иштер менен бир учурда эле тергөө органдары далилдерди чогултуп, эл аралык сотко чейинки эрежелерди так аткарышы керек. Анткени, эл аралык укук боюнча алгач ички, улуттук мыйзамдардын негизинде териштирүүлөр болот. Ошолор бүткөндөн кийин анан эл аралык сотко берүүгө мүмкүн” - дейт дипломат.

Эл аралык иликтөө жана Москва механизми

Бекитилген эреже боюнча бир мамлекеттеги же мамлекеттер аралык куралдуу кагылыштарды иликтөө үчүн өлкөнүн атынан эки өкмөт тең, же болбосо анын бири Бириккен Улуттар Уюму менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кайрыла алат. Алардын мандаты менен эл аралык комиссия түзүлүп, анын курамы бекитилет. Европа Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстандагы июнь окуясын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен эл аралык иликтөө мандаты кандай шартта бериле турганына токтолду:

Киммо Кильюнен.
Киммо Кильюнен.

“Эгерде окуя болгон жерлерде жайкын тургундар жабыркап, адам укугу бузулган көйгөйлөр болсо анда өзгөчө мандат болот. Анда мындай иштер эл аралык универсалдуу гуманитардык укуктун негизинде иликтенет. Мындай учурларда иликтөөнү кайсы бир тарап же тараптар каршы болгон күндө да жүргүзүү керек. Эгерде Кыргызстан же Тажикстан каршы болсо, анда иликтөө жүргүзүү татаал болот. Анткени, эл аралык иликтөө үчүн расмий уруксат алып, анан ал жактарга барып, абалды жеринен изилдеп чыгуу бир топ кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Бирок адам укуктары олуттуу бузулган болсо анда тиешелүү өкмөттөрдүн макулдугусуз эле эл аралык иликтөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул өзгөчө мандат болот. Мындай учурда окуя болгон жердеги жарандык коом өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү укук коргоочулардын кайрылуусунун негизинде иликтөө башталат. Бул ЕККУнун Москва механизми деп аталат. Мындан 20 жыл мурун Москвада кабыл алынган бул ыкма боюнча адам укугун бузган учур өкмөттөрдүн макулдугусуз эл аралык иликтөөгө алынат”.

Кыргызстан менен Тажикстан экөө тең БУУ менен ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдарга мүчө. Эл аралык иликтөө үчүн бул уюмдарга Бишкек жана Душанбе кайрыла алат. Эгер эки мамлекттин расмий жетекчилиги иликтөөдөн баш тартса, анда эки өлкөнүн жарандык коом өкүлдөрү адам укугун бузуу фактылары боюнча кайрылса, Москва механизминин негизинде комиссия түзүлүшү мүмкүн. Бул боюнча ЕККУнун аталган механизминин эл аралык иликтөө уюштуруу шарттарында көрсөтүлгөн.

ЕККУнун Москва механизми Балкандагы куралдуу кагылыштар сыяктуу бир нече кандуу окуяларды иликтөөдө колдонулган. Анда мамлекеттердин макулдугу талап кылынган эмес. Москва механизмин 1991-жылы Вена механизмин өркүндөтүү максатында ЕККУга мүчө мамлекеттер кабыл алган.

6-майда баш кеңсеси Парижде жайгашкан Адам укугунун Эл аралык федерациясы кыргыз-тажик чек арасындагы калабаны иликтөө боюнча ыкчам чараларды көрүү жана кырдаалды андан ары курчутууга жол бербөө боюнча билдирүүсүн жарыялады. Анда куралдуу кагылышта эки тараптан элүүдөн ашуун адам өлтүрүлүп, жүздөгөн киши жаракат алганы, жабырлангандардын көбү карапайым тургундар экени белгиленди.

Кыргызстандагы укук коргоочулар тобу окуя болгон Баткен жана Лейлек аймагына барышып, карапайым калкка каршы кылмыштар болгон-болбогонуна далил чогултуп, жоготууларды жана келтирилген зыянды аныктоого киришти. Укук коргоочулар тобунун жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева топтолгон далилдердин негизинде жарандык коомдун атынан эл аралык коомчулукка кайрылуу даярдаларын билдирди:

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

“Биз негизинен жарандык калкка кол салуу фактыларына тиешелүү далилдерди чогултуп, анын кесепттерин аныктап жатабыз. Капыстан аскердик кол салуудан жабыркаган калктын арасында адам өлүмү, жаракат алгандар, турак-жайын таштап орун которгондор, үй-жайы, мал-мүлкү күйүп-өрттөнүп, талкалангандар жана кол салуу болгон аймактардагы талап-тоноолор сыяктуу бир канча багыттар боюнча териштирип, далилдер топтолууда. Биз ошонун бардыгын БУУга, ЕККУга жана башка адам укугун коргоочу эл аралык уюмдарга берип, кайрылуу даярдайбыз”.

Тажик коомунун кайрылуусу

Ал эми Тажикстандын жарандык коомунун атынан петицияга кол топтоо демилгеси көтөрүлүп, анын тексти социалдык тармактарда жайылууда. Эл аралык коомчулукка жана адам укугун коргогон уюмдарга багытталган кайрылууда тажик коомчулугу окуяны коңшу өлкөнүн "кол салуусу" катары кабыл алганы белгиленген.

Тажикстандык жарандык активист Умед Чайхани жарандык коомдун атынан кайрылуу кабыл алууга эмне түрткү болгонун түшүндүрүп берди:

“Бул кыргыз тараптын эл аралык коомчулукка кайрылуусуна жооп. Бирок эч кандай эл аралык комиссияларсыз эле эки тараптуу негизде мамлекеттик иликтөө жүргүзүүгө болот. Ошонун негизинде анын себептерин жана кесепеттерин иликтеп чыгып, болуп өткөн окуяга баа берилиши керек деген ойдобуз. Бул окуяны иликтөөнү эл аралык деңгээлге чыгаруунун зарылчылыгы жок. Бирок кыргыз тарап эл аралык коомчулукка кайрылып, иликтөө керек деп жаткандыктан, агрессияга жана зордук-зомбулукка бир жактуу гана айыптап жаткан соң, биз дагы эл аралык коомчулукка кайрылып, алардан кыргыз тараптын агрессиясына, чагымдарына жана кылмыштуу иштерине көңүл бурууну сурандык” - деди Чайхани.

Ошол эле кезде Тажикстандын бийлиги эл аралык иликтөө жүргүзүү маселесине келгенде үн ката элек. Буга чейин тажик башкы прокуратурасы окуя боюнча кылмыш иши козголгонун жарыялап, анда кыргыз тараптын аскер күчтөрүн "агрессияга" айыптаган.

Кыргыз бийлиги бир пикирге келе элек

Ошол эле кезде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы дагы кылмыш иштерин ачып, бул окуяны Тажикстандын Кыргызстандын "аймактык бүтүндүгүн бузууга жасаган аскердик агрессиясы" катары билдирди.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу иштери боюнча комитети буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу калабанын себептери менен кесепеттери боюнча маселени жабык карады. Комитеттин төрагасынын орун басары Абдувахап Нурбаев иликтөө жүргүзүүнү "тарыхый зарылдыкка" байланыштырды:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

“Азыр бизде талаш-тартыш жүрүп жатат. Бир тарабы “ азыр катуу айтпай туруп туралы, алар дагы бир нерсени баштап жибербесин, чек араны чечип алалы” дешсе, экинчи жагы сөзсүз түрдө эл аралык иликтөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышууда. Бирок тарых алдында иликтөө болушу керек. Анткени, алдыда эл аралык сотко чейин барып, күнөөсүн моюнуна коюу кажет”.

Кыргызстандын Женевадагы элчиси Данияр Мукашев жакында БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишет Бачелет менен сүйлөштү. Анда 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы карапайым жарандык калкка карата олуттуу ок атуучу курал колдонгон жаңжал жана учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Эки тараптын дипломаттарынын тышкы байланыштары

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев дагы БУУнун, Евробиримдиктин жана ЕККУнун жогорку мартабалуу өкүлдөрү менен телефон аркылуу байланышып, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуунун кесепеттери жана ошол учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берген. Анда БУУ менен ЕККУнун жогорку дипломаттары кыргыз тараптын кырдаалды андан ары курчутпай, ок атышууну токтотуу боюнча өбөгө түзүп, тажик тарап менен макулдашууга жетишкен аракеттерин жогору баалашкан.

Сирожиддин Мухриддин.
Сирожиддин Мухриддин.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 7-майда БУУнун туруктуу координатору Сезин Синаноглу менен жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулаганы кабарланды. Анда тажик министри расмий Дүйшөмбү чек араларды тактоону сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө кызыкдар экенин билдирди. Сезин Синаноглу тараптар ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга жетишилгенин кубаттады. Ошол эле күнү тажик тышкы иштер министри ЕККУнун баш катчысы Хельга Шмид менен онлайн байланышып, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди. Ал кырдаалды жөнгө салуудагы саясий-дипломатиялык ыкмаларды колдонуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү даярдыгын белгиледи. Жолугушууда Хельга Шмид ок атышуу токтогонун кубаттап, тараптарды ЕККУ алкагында алган милдеттемелерди сактоого чакырды. Ошондой эле ал тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантып, кырдаалды курчутпоого үндөдү. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн уюмдун ар тараптуу жардамын сунуштады.

Буга чейин кыргыз тараптан 36 жаран каза болуп, алардын көбү жайкын тургундар экени жарыяланган. Анын ичинде экөө жаш бала. 180ден ашуун адам жаракат алып, жетимиштен ашык жеке турак-жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мамлекеттик мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 30 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланган.

Ал эми тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы кабарланды.

Чек ара: Кыйраган айылдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:05 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG