Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Кыргыз-тажик соодасын сынаган кырдаал


Достук айылындагы өрттөнгөн үйлөрдүн биринин кампасында калган өрүк. Баткен.
Достук айылындагы өрттөнгөн үйлөрдүн биринин кампасында калган өрүк. Баткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу жергиликтүү тургундар жана активисттер эки өлкөнүн соода-жүгүртүүсүн чектөөгө алууга чакырышты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда алып-сатуу анчалык көп эмес, негизинен Бишкек Дүйшөмбүгө көбүрөөк товар жөнөтчү. Ошол себептүү чек араны жабуудан кыргызстандыктар да зыян тартарын белгилегендер да бар.

Чатактан кийин күчөгөн талап

Баткендеги 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы чек ара чатагынан кийин жергиликтүү тургундар биринчи кезекте Тажикстанды баскынчы катары таануу, кыргыз тараптагы жабыркаган үйлөр үчүн коңшулардан компенсация өндүрүү сыяктуу талаптарды коюп жатышат.

Ушуга улай эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек араны жаап, соода алаканы толук токтотуу талабы да жаңырууда.

Лейлек районунун тургуну, активист Элбек Хабибуллаев бул талаптын төркүнүн “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

Элбек Хабибуллаев
Элбек Хабибуллаев

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда аткезчилик аябай көп. Мына ошону токтотуунун бир эле жолу бар, чек араны толук жабуу. Мында бир эле контрабанда эмес, бүтүндөй соода алака да, бардык товарларды өткөрүү да буулушу кажет. Азыр чек ара маселелери чечилбей келе жатпайбы, мына ошонун бир себеби ушул. Булар чечилгиче толук жабуу керек. Жабылганда гана делимитация жана башка иштер башталмак. Азыр элдин негизги талабы ушул. Эгер мамлекет чек койбосо, чек аралаш аймактагы тургундар элдик кошуундарды түзүп, контрабанда менен алектенгендерди өзүбүз кармап, чара көрөбүз деп жатышат. Эгер аларды кармап алса, жакындарын жоготкон адамдар жөн койбойт. Мына ушуну алдын алыш үчүн да чек араны убактылуу жаап туруу керек”.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү.

Ал эми Тажикстандын бийлиги 19 жараны каза таап, 80ден ашууну жараат алганын кабарлады. Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

Чатактын мына ушундай масштабын эске алуу менен Баткендеги “Ишкердикти колдоо борборунун” бизнес консультанты Дастан Турдуев да чек араны жабуу чарасын колдоп жатат:

Дастан Турдуев
Дастан Турдуев

“Менин оюмча, Тажикстан менен соода алаканы жок дегенде эки-үч жылга токтотуш керек. Бул бизге өтө көп минус алып келбейт. Анткени Баткен көбүнчө чет элден келген товарларды алып өтүүгө транзит катары эле кызмат кылат. Биз өтө зарыл нерселерден, азык-түлүктөрдөн Тажикстандан көз каранды эмеспиз. Чек араны жабуу менен тескерисинче, биздеги өрүк иштеткен ишканалардын жанданышына, айыл-чарбабыздын көтөрүлүшүнө оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Себеби, биздин дыйкандар өрүктөрдү тажиктерге эле сатып келчү. Ошол эле убакта алардан жашылча-жемиштерди көп алчубуз. Эми ал токтосо өрүктү өзүбүз кайра иштетүүгө өтөбүз, жашылчаларды өзүбүз өндүрүүгө үйрөнө баштайбыз. Балким аткезчилик менен алектенген жарандарга гана оор тийиши мүмкүн, бирок жалпы баткендиктер чек аранын жабылышынан жабыр тартпайт”.

“Соода токтосо, эки тарап тең зыянга учурайт”

Борбор Азиядагы географиялык шарты бирдей, экономикасы мигранттардын акча которууларына көз каранды болгон эки өлкө – Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы экономикалык карым-катыш башка мамлекеттерге салыштырмалуу көлөмдүү эмес. Анда да соода-жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгүн кыргызстандык ишкерлердин товары ээлейт.

Тышкы соода-жүгүртүүгө байланыштуу көрсөткүчтөр адатта бир-эки ай кечигип эсептелет. Ошол себептүү 2021-жылдын алгачкы үч-төрт айынын жыйыктары чыга элек.

Улуттук статистика комитети биринчи-экинчи айдын эсебинде гана Кыргызстан менен Тажикстандын соода алакасынын санагын тактап берди.

Комитеттин тышкы жана өз ара соода статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Сулайманова “Азаттыкка” буларды айтты.

“2021-жылдын январь-февралында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасы менен болгон өз ара соода жүгүртүүсү 8,2 млн. долларды түздү. Мунун ичинде экспорт 7,1 млн. доллар, импорт 1 млн. доллардан ашык сумма болду”.

Жагдайды дагы да тагыраак талдоо үчүн Улуттук статистика комитетинин соңку беш жылдык эсебин карап көрөлү.

Демек, анда акыркы жылдары Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы соода жүгүртүүсү арбып жатканы байкалат. 2019-жылы ал 67 млн. долларга чейин жетип, 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам артка кетип, 37 млн. долларды түзгөн.

Кыргызстандын Тажикстан менен соңку беш жылдагы соода жүгүртүүсү.
Кыргызстандын Тажикстан менен соңку беш жылдагы соода жүгүртүүсү.

Жалпы соода жүгүртүүнүн көпчүлүгү, дээрлик 80-90% Кыргызстандын экспорту болуп калат.

Мына ушул жагдайлардан улам экономисттер жана талдоочулар коңшу өлкөнү экономикалык блокадага алуу Кыргызстандын өзүнө да кедергисин тийгизерин белгилешет.

Серепчи Нургазы Мусаевдин оюн угалы:

Нургазы Мусаев
Нургазы Мусаев

“Биринчиден, Баткенде классикалык түрдөгү чек ара жок. Чек ара шахмат түрүндө жайгашкан, бир көчөнүн берки бети Кыргызстан болсо, аркы бети Тажикстан. Ал жерде кылымдардан бери келаткан соода алакалары бар. Анан экономиканын кайсы бир закондору бар, кайсы бир аймак каржылык жактан кызыгуу жаратышы керек. Анүчүн ал жерден товар өтүп турушу керек. Товар өткөн жерде кыймыл болуп, ошол жерде экономика көтөрүлөт да. Азыр эми кызуу кандуулукка алдырып, Тажикстан менен соода алакаларыбызды такыр эле токтотуп салсак, мындан эки тарап тең жабыркайт. Аларды блокадага алгандан кайра эле ошо чек арадагы өзүбүздүн эл кыйналат. Баткен толугу менен туңгуюкка кептелип калат, жашоо-шарт кыйындайт, жумушсуздук күчөйт. Биз Баткенден көмүр, тирүү мал жана башка нерселерди ал жакка сатпасак, анан каякка сатабыз. Азыр эмоция менен чечим кабыл алган туура эмес. Албетте, чек араны да такташ керек, аны тактап, чек араларды аныктап алгандан кийин керек болсо алакаларды дагы да күчөтсөк болот”.

Улуттук статистика комитетинин изилдөөлөрүндө көрүнүп тургандай, Кыргызстан Тажикстанга негизинен тирүү мал жандык, сүт, жумуртка жана башка азык-түлүктөрдү, кайра иштетилген, жарым фабрикат продуктуларды, картөшкө, пияз сыяктуу жашылчаларды, алма, өрүк сыяктуу мөмө-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди сатат.

Тажикстандан болсо негизинен курулуш материалдары, пахта, кездеме, жашылча, мөмө жана жер-жемиштер, кургатылган жемиштер, алкоголдук ичимдиктер жана алкоголсуз суусундуктар, кийим-кечек жана башка нерселер алып келинет.

Аткезчилик маселеси

Албетте, расмий эсептен сырткары алып-сатуу да арбын. Тажикстанга көбүнчө күйүүчү жана майлоочу майдын мыйзамсыз жол менен ташылганы маалым. Мындан бийлик өкүлдөрү да, күч органдары да кабардар.

Мурдараак атайын кызмат кыргыз-тажик чек арасындагы аткезчиликке толук чектөө коюларын билдирген. Бул чек арадагы көйгөйлөрдү чечүүгө рычаг катары колдонулары айтылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы брифингде буларды билдирген эле:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Буга чейин аткезчиликке ийкемдүү мамиле жасалып келген. Мыйзамсыз иштер орун алган учурлар болгон. Эми мындай болбойт. Кыргызстандан бир литр дагы күйүүчү май Тажикстанга өтпөйт. Ошол эле учурда Тажикстандын продукциясы да Кыргызстанга кирбейт”,-деген ал.

Деген менен эксперттик чөйрөдө да, жергиликтүү калк арасында да күйүүчү май ташыда аткезчилик толук жоюлбаганын белгилегендер арбын. Ал тургай соңку чыр-чатактардан кийин да бир топ бензовоздор коңшу өлкөгө баратканын видеого тартып, интернетке, социалдык түйүндөргө жарыяланып жатат.

Күйүүчү майдын аткезчилигине баштан бери эле кыргызстандык жана тажикстандык аткаминерлердин, жогорку кызматтарда иштеген жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин тиешеси бардыгы айтылып келген.

Мурдагы Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн 4-май күнкү чыгарылышында ал муну азайтуу орун алганын белгилеп, бул соңку конфликтке алып келиши мүмкүн деген оюн келтирди:

Абибилла Кудайбердиев
Абибилла Кудайбердиев

“Азыркы жаңы бийлик контрабанда жана наркотрафик боюнча өтө чоң иштерди жасап, көрүнүштөрдү кыйла азайтты. Бул коопсуздук күчтөрүнүн жана башка органдардын аракеттеринин негизинде болуп жатат. Азыр азайды. Бирок бул чоң акча айланган жер экенин жакшы түшүнөбүз. Бул маселени керек болсо, Тажикстандын бийлигиндеги адамдар да көзөмөлдөп келген. Баары токтоп калды, алар акча каражатсыз калды, ошондон улам ушундай аракеттерге барышы мүмкүн. Мына ушул жагдай чек арадагы жаңжалдын бир себептери болушу ыктымал”.

Кыргыз-тажик чек арасы 970 чакырымга созулат. Анын 519 чакырымы толук такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Эки тараптын чек аралаш тургундары кээде жер, жол жана суу талашып, кан төгүүгө чейин жетип, араздашкан учурлар болгон.

2-майда Камчыбек Ташиев Баткендин Максат айылында жергиликтүү эл менен жолугушуусунда 9-майга чейин кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги 112 чакырымды чийип, тактап чыгуу тапшырмасы берилгенин жарыялады.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG