Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:11

Чөлкөмдөгү абал, Нур-Султандын мүдөөсү


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 19-май, 2021-жыл

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Тажикстанга расмий сапар менен барды. Эки күндүк сапар жүрүшүндө казак-тажик мамилесинен сырткары Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин талкуулай турганы айтылды.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Дүйшөмбүгө расмий сапар менен 19-майда барды. Аны аэропорттон тажик президенти Эмомали Рахмон өзү тосуп алды. Сапардын жүрүшүндө Токаев Тажикстандын Рахмон баштаган бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Казак президентинин маалымат кызматы Дүйшөмбүдө Токаев менен Рахмон эки тараптуу мамиледен сырткары “Борбор Азиядагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо маселесине өзүнчө көңүл бура турганын” маалымдады.

Мындан улам казакстандык эксперттер Касым-Жомарт Токаевдин Дүйшөмбүдөгү сапарындагы башкы темалардын бири Кыргызстан менен Тажикстандын соңку кезде солгундаган мамилеси тууралуу болорун жазып чыгышты.

Саясат таануучу Досым Сатпаев Казакстан Борбор Азиядагы тынчтык орнотуучу деген макамга ээ болуу үчүн жаңжалдан кийинки мамилени жөнгө салуу процессине катышууга кызыкдар экенин белгиледи.

Досым Сатпаев.
Досым Сатпаев.

“Токаевдин президент болушу менен Казакстандын тышкы саясаттагы модели өзгөргөн жок. Нурсултан Назарбаев бир учурда эл аралык маселелер боюнча “Казакстан - тынчтык орнотуучу өлкө” деген моделди алдыга сүрөгөн. Ал Ирандын өзөктүк программасынан Сириядагы, Украинадагы кырдаалга чейин тиешелүү болчу. Азыр деле ошол линия уланууда. Токаев тышкы иштер министри катары Назарбаевдин тышкы саясат моделин ишке ашырууга катышкан. Ошондуктан, Казакстан Борбор Азиядагы ортомчу, тынчтык орнотуучу ролун сактагысы келет. Токаевдин акыркы сапары дал ушул максатка байланыштуу деп эсептейм”.

Чынында эле Касым-Жомарт Токаевдин Дүйшөмбүгө сапары май айынын башында кыргыз-тажик чек арасындагы абал курчуганда белгилүү болгон.

Ал учурда Токаев чек арадагы кырдаалга тынчсыздануу билдирип, эки өлкөнүн президенттери менен телефондон сүйлөшкөн. Казак президенти “эки тараптын ортосундагы мамилени калыбына келтирүүгө даяр экенин билдиргени” айтылган.

Cадыр Жапаровдун Казакстанга сапары учурунда
Cадыр Жапаровдун Казакстанга сапары учурунда

Бул жаңжалдан кийин кыргыз президенти Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө бара турганы айтылып, бирок азырынча так датасы белгисиз бойдон турат. Жапаров Баткенде жаңжалдан жабыркагандар менен жолуккан учурда Тажикстанга чек ара маселеси чечилгенден кийин гана барарын билдирген эле.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалдан кийин чыңалган мамилени жумшартууга кайсы бир тараптын ортомчу болгону расмий кабарланган жок. Бишкек менен Дүйшөмбү эки тараптуу аракет менен гана куралдуу чатакты ырбатпай токтотконун билдирип келет.

Бирок Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Борбор Азиядагы мамилеси начарлаган эки мамлекетке Казакстан данакер болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Дипломаттын айтымында, расмий Нур-Султан буга чейин да мындай демилгени көтөрүп келген.

Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

Борбор Азиядагы ар кандай чакырыктар курчуп бара жатат. Ооганстан, Орусия менен Батыштын тиреши, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, Тоолуу Карабактагы соңку согуштан кийинки түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгы боюнча маселе көтөрүлө баштады. Ушундай шартта Казакстан ортомчу болгусу келгени түшүнүктүү. Анын эки максаты бар. Биринчиден, Батышка Борбор Азиядагы лидерлигин көрсөтүү. Бул алгачкы жолу болуп жаткан жок. 2014-жылы да кыргыз-тажик чек арасында миномет атылганда казак бийлиги "араңарга түшүп, ортомчу бололу" деп демилге көтөргөн. Мындай жол менен Нур-Султан өзүн Борбор Азиядагы тынчтык орнотуучу күч катары көрсөткүсү келет. Бул ишке ашабы же ашпайбы аны көрөбүз. Бирок бул жолу Ташкент да "ортомчу болобуз" деп сунуш берди. Эки өлкө ортосундагы мамилеге ортомчу болуу үчүн үчүнчү өлкөнүн сунуш бергенин эки тараптан кароо керек. Балким "ортомчу болом" деген өлкө үчүн бул позитивдүү багыт болсо, жаңжалга катышкан мамлекеттер үчүн өз ара тил табыша албай калганын көрсөткөн терс белги”.

Бешимов белгилегендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча Борбор Азиядан Өзбекстан да активдүүлүк көрсөткөн эле.

Жаңжал башталгандан тарта бул өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев да эки өлкөнүн президенттери менен телефондон сүйлөшүп, тынчтыкка чакырган. Өзбек маалымат каражаттары кырдаалды жөнгө салууга Мирзиёевдин ролу чоң болгонун да жазып чыгышты.

Мындан сырткары эксперттер Бишкек менен Дүйшөмбү үчүн Орусиянын ролун эске салышууда. Чек ара жаңжалы маалында Москванын ролу тууралуу кыргыз медиа айдыңында кызуу талкуулар жүрдү.

Буга чатактын алдында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун Дүйшөмбүгө келиши, андан соң 9-майда Москвада өткөн аскердик парадга тажик президенти Эмомали Рахмондун чакырылышы себеп болду.

Эми болсо Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-майда Сочиге барып, орус президенти Владимир Путинге жолукканы жатат. Ал жолугушууда аймактык коопсуздук, чек арадагы абал боюнча сөз болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

Казакстандык эксперт Досым Сатпаев кыргыз-тажик мамилесин жөнгө салууда Москванын орду чоң деген пикирде.

“Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы жаңжал Москва үчүн ыңгайсыз. Буга жок эле дегенде эки өлкө ЖККУга мүчө болгону үчүн жана Тажикстанда да, Кыргызстанда да Орусиянын аскерий базалары бар экени себеп”, - деп билдирди эксперт.

ЖККУ демекчи, 19-майда Тажикстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү. Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө болгон аскерий уюмдун башкы дипломаттары кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жана Армения менен Азербайжандын чек арасындагы кырдаал кыйла курчуган учурда кездешти.

Бул жыйында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жаңжалды жөнгө салуу аракеттерине байланыштуу маалымат берген.

Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатып Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин эл аралык маселелер боюнча, өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу боюнча билдирүү кабыл алынганын, негизги көңүл Ооганстан темасына бурулганын билдирди.

ЖККУнун тышкы иштер министрлери. 2021-жылдын 19-майы.
ЖККУнун тышкы иштер министрлери. 2021-жылдын 19-майы.

Бирок жыйын алкагында Кыргызстан жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавров жолуккан учурда чек арадагы абал талкууланган.

Сергей Лавров Казакбаевге чейин Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолуккан учурда да Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чатагына токтолгон. Ал эки тараптын абалды жөнгө салганын кубаттаган.

"Тажикстан менен Кыргызстандын конфронтациядан кызматташтыкка өткөнүн кечээ талкууладык. Биз жакында болуп өткөн чатактын опурталдуу фазасы артта калганына кубандык. Эң негизгиси эки өлкө тең демаркация жана делимитациялоо ишине киришкени жакшы болду", - деген Лавров.

Борбор Азия боюнча эксперт, АКШдагы Техас университетинин профессору Эдвард Лемон Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку чатак ЖККУга дагы бир сыноо болгонун белгиледи. Ал акыркы кырдаалда аймактык уюм өзүнүн максатына ылайык иш жүргүзө албай турганын көрсөткөнүн айтты.

"ЖККУ мезгил мезгили менен кайрадан өз максатына жете албай жатканын көрсөтүүдө. Бул уюм аймактагы жамааттык жана мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугун коргоого багытталса да кризистик учурларда жардам бере алган жок. 2010-жылы Оштогу этникалык чатак учурда ал кездеги кыргыз президенти Роза Отунбаеванын кайрылганына карабай аны кыла алган эмес. Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуган учурунда да абалды жөнгө салууга көмөктөшпөй, жарым жан абалда болду".

28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал орун алды. Анда кыргыз тараптан 36 жаран каза болуп, алардын көбү жайкын тургундар экени жарыяланган.

Каза болгондордун экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алып, жетимиштен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мамлекеттик мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 50 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланган.

Ал эми тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы кабарланды.

Кыргыз-тажик чек арасы кантип чечилет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:56 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG