Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Кыргызстан менен Орусиянын ТИМ башчылары кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулады


ЖККУнун тышкы иштер министрлери. 2021-жылдын 19-майы.
ЖККУнун тышкы иштер министрлери. 2021-жылдын 19-майы.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин (ТИМ) жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Орусиянын тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Сергей Лавров менен жолугушту.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анда Лавров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын иш-аракетин кубаттап, эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин улантуу зарыл экенин белгиледи.

ТИМ башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана аймактык кырдаал боюнча пикир алмашты. Кыргызстан менен Орусия ортосундагы темир жол менен жүргүнчүлөрдү жана автоунаалардын кыймылынын толук кандуу жандандыруу маселелерин талкуулашты.

19-майда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйыны өттү.

​ЖККУ уюму 1992-жылы "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу" максатында түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Быйыл 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болгондо Жогорку Кеңеште аталган уюмдун бул окуяга мамилеси тууралуу сын айтылган. Бүгүнкү жыйында бул маселе талкууландыбы же жокпу, расмий айтыла элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG