Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:01

Чек ара аймактарында патенти жок мигранттарга айып салынат


"Достук" чек ара өткөрүү жайындагы өзбекстандыктар. 2020-жыл, 23-март.
"Достук" чек ара өткөрүү жайындагы өзбекстандыктар. 2020-жыл, 23-март.

Мамлекеттик салык кызматы чек ара аймактарында иштеген эмгек мигранттары патент алууга тийиш экенин эскертет. Патенти болбогон мигранттарга Ички иштер министрлиги 10 миң сом, салык кызматы 3 миң сом айып салат.

Миграция мыйзамдарына ылайык, коңшу өлкөнүн жарандары Кыргызстандын аймагында визасыз режимди колдонуп, иштөө үчүн ыктыярдуу патент алышы керек. Бир ай иштөөгө уруксат берген патенттин баасы 800 сомду түзөт. Бул патент менен мигранттар талаада, курулушта, мал чарбасында жана башка кызмат көрсөтүүчү жумуштарда жалданып иштей алышат.

Ар кандай маалыматтар боюнча күн сайын кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинен Өзбекстандын 300 чамалуу жараны Кыргызстандын аймагына өтүп, ар кандай жумуштарда иштешет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG