Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Акылбек Жапаров британ элчисин Кумтөргө барып келүүгө чакырды


Кумтөр алтын кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров кендеги соңку кырдаал тууралуу “Азаттыктагы” маегинде Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретти кендеги экологиялык абалды жеринен көрүп келүүгө чакырды.

“Мен көптөн бери байкап жүрөм, Британиянын Кыргызстандагы элчиси абдан активдүү иштейт. Желимдерди жерге таштабагыла, жерден чыккан сууну булгабагыла деп экологияга көз салат экен. Биздин отчеттор англис тилине которула баштады, баарын беребиз. Ал кишини мен чакырат элем, Кумтөргө барып көрүп келсе элчи түнкүсүн уктабай калабы деп атам. Анан биздин таламдарды талашабы дейм".

Канаданын жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери 13-майда Кумтөр кенине байланыштуу биргелешкен билдирүү тараткан. Анда аталган эки өлкө Кыргызстандын маанилүү инвестициялык өнөктөшү экени белгиленип, тоо-кен тармагына байланышкан акыркы окуяларга тынчсыздуусун билдирген.

"Ачык акционердик коомдор жөнүндөгү" мыйзамга жана парламенттин 17-майдагы кезексиз отурумуна көз салып жатабыз. Биздин түшүнгөнүбүз боюнча, 17-майда депутаттар "Кумтөр Голд" компаниясын улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашат. Бирок бул окуялар Кыргызстанга түз инвестициянын келишине кесепетин тийгизет деп тынчсызданып жатабыз. Бул Кыргызстандын ансыз да алсырап бараткан экономикасына залалын тийгизет”, - деп жазылган билдирүүдө.

Элчиликтер Кыргызстандын Министрлер кабинети менен орток пикирге келип, макулдашуулар оң натыйжа берерине ишеним артып турганын белгилеген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG