Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Бишкекте Зайырбек Ажыматовду эскерүү иш-чарасы өттү


Иш-чарага Зайырбек Ажыматовдун замандаштары, жакындары катышты.
Иш-чарага Зайырбек Ажыматовдун замандаштары, жакындары катышты.

Бишкектеги №27 шаардык китепканада белгилүү акын, “Азаттыктын” кабарчысы, маркум Зайырбек Ажыматовдун чыгармачылыгына арналган “Кыргыздын кымбат уулу” аттуу эскерүү кечеси өттү.

Иш-чарага анын КРнын эмгек сиңирген артисти Шайымбек Кыдырмаев, адабиятчы Улан Турдалиев, журналист Жаныбек Эсеналиев, обончу Түмөнбай Колдошов баштаган замандаштары, жакындары жана окурмандар катышты.

Акындын өмүр жолун, чыгармачылыгын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, китепкананын окурмандары ырларын окушту.

Иш-чара Ажыматовдун чыгармаларын тереңирээк билүү, аны кийинки муунга даңазалоо, ошондой эле көркөм адабиятка окурмандарды тартуу максатында уюштурулду.

Бишкек шаардык Маданият башкармалыгына караштуу №27 китепкана 1999-жылдан бери окурмандарды тейлеп келет. Анын фондунда 17 миңден ашуун китеп бар.

Зайырбек Ажыматов 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Эмгек жолун ошол жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, «Жаңы Агым» гезитинде иштеген. 2014-жылдан өмүрүнүн аягына чейин «Азаттык» радиосунда эмгектенип, адабий-маданий темаларда макала-баяндарды даярдаган. Ал «Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар», «Жүрөктөгү бороон» аттуу ыр жыйнактардын автору. 2019-жылы Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын алган. 2020-жылы 29-апрелде кан басымы түшүп, ооруканада каза тапкан акындын артында жубайы, эки уул, эки кызы калды. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG