Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

УКМК чек ара тууралуу так эмес маалымат таратпоого чакырды


Чоң-Алай
Чоң-Алай

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасы тууралуу такталбаган маалымат таратпоого чакырды. Бул тууралуу мекеменин депутат Аккулу Бердиевдин парламент жыйынындагы билдирүүсүнө карата жообунда айтылат.

Чек ара кызматы кыргыз жарандарын мамлекеттик чек арадагы абалды курчуткан билдирүүлөрдү таратуу, айрыкча чек арадагы абал турукташып келаткан мезгилде жол берилгис экенин эскерткен.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Чек ара кызматы коопсуздукту сактоо боюнча тиешелүү иштерди жүрүзүп жатат. Чек ара кызматынын аппараты күчөтүлгөн режимде иш алпарып, чек арада эскалацияга жол бербөө боюнча иштер жүрүп жатат. Чек ара кызматы мамлекеттик чек арадагы ар кандай окуяларга даяр жана ыкчам аракет көргөнгө жетиштүү күчкө ээ деп айтылат”, - деп айтылат маалыматта.

19-майдагы парламент жыйынында депутаттар Аккулу Бердиев менен Бурун Аманова Оштун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу Министрлер кабинети маалымат беришин талап кылышкан.

Бердиев Тажикстан тарап окопторду казып алганын билдирген.

Чек ара кызматы 18-майда Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагында эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгону тууралуу маалымат тараткан. Ага Ош облусу боюнча жана Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагы боюнча өкүлдөр катышты.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында “чек аранын ошол тилкеси эл аралык-укуктук жактан аныкталып бүтмөйүнчө Унжу-Булак аймагындагы мамлекеттик чек ара сызыгын Кыргызстандын да, Тажикстандын да аскерлери кайтарбайт” деген чечим кабыл алынды.

Чек араны биргелешип кайтаруу эки тараптын макулдашуусунун негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн экени айтылды.

Чек ара кызматынын Чоң-Алайдагы бөлүктөрү кызматын кадимки тартипте жүргүзүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG