Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

"Радио Свобода" Адам укуктары боюнча Европа сотуна арызданды


Орус кызматынын Москвадагы бюросу. Январь 2021-жыл
Орус кызматынын Москвадагы бюросу. Январь 2021-жыл

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы – "Радио Свобода" жана анын башкы директору Андрей Шарый Орусиянын үстүнөн Адам укуктары боюнча Европа сотуна арызданды. Доогерлер "Чет өлкөлүк агенттер" тууралуу мыйзамды пайдалануу, атап айтканда Роксомнадзордун журналисттик материалдарды маркировка кылуу жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткарбоо үчүн айып пул салуу тажрыйбасы адам укуктары боюнча Европа конвенциясын бузат деп эсептешет.

Өткөн жумада орус бийлиги “Радио Свобода” мекемесинин банк эсептерин камакка алган. Ошол эле күнү айып пул төлөбөгөнү үчүн сот чечимин аткартуу үчүн чара көрүлөрүн эскерткен.

Айып пул төлөнбөсө, медиакорпорациянын сайттары Орусия аймагында блоктолору буга чейин айтылган.

“Радио Свобода” “чет өлкөлүк агент” деген макамды четке кагып, альтернативдүү маалымат бергени үчүн орус бийлиги куугунтуктап жатат деп эсептейт.

14-майда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай компания Кремлдин чындыкты айткандарды цензурага алуу аракетине каршы күрөшөрүн айткан.

“Радио Свобода” мекемесинин журналисттери мекендештери жалган кабарларга, калпка толгон жашоого көнбөшү үчүн көз карандысыз маалыматтарды берип келет.. Биздин үнүбүздү баса алышпайт””, - деп билдирген Флай.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG