Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Дүйшөмбүдө ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны жыйынтыкталды


ЖККУнун тышкы иштер министрлери. 2021-жылдын 19-майы.
ЖККУнун тышкы иштер министрлери. 2021-жылдын 19-майы.

Бүгүн 19-майда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйыны өттү. Кыргызстандан жыйынга тышкы саясат мекемесинин башчысы Руслан Казакбаев катышты.

Күн тартибинде аймактагы кырдаал, тышкы саясий координацияны бекемдөө жана эл аралык актуалдуу маселелер бар экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатып Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин эл аралык маселелер боюнча, өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу боюнча бир катар билдирүү кабыл алынганын, негизги көңүл Ооганстан темасына бурулганын билдирди. Анын айтымында, Ооганстан маселеси бул өлкөдөн Батыштын коалициялык аскерлери чыгарылып жаткан өңүттө талкууланды, ЖККУнун түштүк аймагын бекемдөө керектиги айтылды жана бул багытта чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.

ЖККУ уюму 1992-жылы "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу" максатында түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Быйыл 28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал чыгып, 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болгондо Жогорку Кеңеште аталган уюмдун бул окуяга мамилеси тууралуу сын айтылган.

Бүгүнкү жыйында бул маселе талкууландыбы же жокпу, расмий айтыла элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG