Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Чек ара: курал тууралуу мыйзам долбоору талкууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын чек ара аймактарындагы жарандарга атайын даярдыктан өткөрүү менен курал колдонууга уруксат берген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документтеги тобокелчилик кызуу талкуу жаратты.

Жогорку Кеңеште "Чек арачы ыйгарым укуктуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун депутаттар тобу даярдады. Алардын жүйөсүндө "ыйгарым укуктуу жарандарга" кошумча укуктарды жана кепилдиктерди берүү зарыл.

Документтин авторлорунун пикиринде, мындай өзгөртүүлөр чек араны кайтарууга, коргоого, чек ара көзөмөлүнө көмөктөшүүгө, өлкө эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуунун алдын алууга жана болтурбоого жардам берет.

Ыйгарым укуктуу жарандарга гана курал берилет

"Чек арачы ыйгарым укуктуулар жөнүндө" мыйзамы 2015-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоого чек ара аймактарында жашаган жарандар тартылып, аларга "чек ара ыйгарым укуктуулары" деген макам берилген.

Мындай тургундар чек ара кызматына маалымат жактан көмөктөшүп келген. Бүгүнкү күндө жалпы 140 чек ара ыйгарым укуктуу жаран кызмат кылат. Беш жыл аралыгында алардын арасынан жараат алгандар, же жабыркагандар болгон эмес.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Абдывахап Нурбаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мыйзамдагы өзгөртүүлөр "ыйгарым укуктуулардын" мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

"Алар жылына эки жолкудан кем эмес атайын окуудан, аскердик даярдыктан өткөрүлөт. Мындан тышкары ок атуучу курал колдонууга укук берилет жана алардын өмүрүн, саламаттыгын камсыздоого мамлекеттик кепилдик берүү милдеттери каралат. Апрелдин аягындагы Баткендеги куралдуу жаңжалдан кийин чек арадагы ыктыярчылар тууралуу мыйзам даярдап жатканбыз. Кийинчерээк чек арачылар жана башка аскер адамдары менен кеңешип, "чек арачы ыйгарым укуктуу" жарандардын укугун кеңейтүүнү туура көрдүк. Анткени чек арачыларга маалымат жана башка жактан көмөктөшкөн ыйгарым укуктуу жарандарыбыз бар. Биз аларды жылына экиден кем эмес жолу окутуп, атайын аскердик даярдыктан өткөрүү укуктарын кеңейттик. Алар аймакты жакшы билишет. Кечээки окуяларда жаш, аймактын, андагы адамдардын өзгөчөлүгүн билбеген аскерлерибиз курман болуп калышты".

Демилгечилердин ырасташынча, мыйзам долбоорунда чек арадагы тургундардын баарына курал берүү каралган эмес. Атайын тандалып-иргелип алынган ыйгарым укуктуу адамдарга кандайдыр бир куралдуу жаңжал чыкса, зарыл учурда гана берилет. Депутат Нурбаевдин айтуусунда, курал аскер бөлүктөрүндө кармалат:

"Чек ара ыйгарым укуктуу жарандар жергиликтүү элдин ичинен атайын тандалып алынат. Алар бардык жактан толук текшерилип, көзөмөлдөн өтөт. Кандайдыр бир жаңжал, куралдуу кагылыш болгондо атайын чакырылып, чогулушат. Ошондо гана муктаждык болсо гана курал берилет. Аларды Чек ара кызматы жылына эки жолу атайын окутуп, машыктырып турат".

Чек ара ыйгарым укуктууларына кошумча укуктарды жана кепилдиктерди берүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды. Социалдык тармактарда долбоорду кубаттагандар да, анын кесепетин эскерткендер да болууда.


Конфликтологдун пикири

Бир тарабынан Өзбекстан, бир тарабынан Тажикстан менен чектешип, чек аралары алигүнчө такталып бүтпөгөн Баткен облусунда чек арага байланыштуу чыр-чатактар жылына бир нече ирет кайталанат. Адатта суу талашып кетмендешип, жайыт талаштан таш атышуу менен чектелип жүргөн жаңжал акыркы жолу эки тараптан ок атышууга, ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу чатакка чейин жетти.

Кыргызстан тараптан 36, Тажикстан тараптан 19 адамдын өлүмү менен коштолду. Курман болгон кыргызстандыктардын арасында жай тургундар менен кошо жашы жете элек балдар да бар.

Ушундан улам эми чек арадагы "ыйгарым укуктууларга" курал берсе, мунун аягы кандай болот деп кооптонгондор да жок эмес.

Сарвар Турдибоев.
Сарвар Турдибоев.

Тынчтык куруучу катары белгилүү жарандык активист Сарвар Турдибоев Лейлек районундагы Борбордук айылында жашайт. Соңку чек ара жаңжалында үй-бүлөсүн коопсуз жакка жиберип, өзү айылдаштары менен чогуу айылын тажикстандык мародерлордон кайтарган. Оор учурду жон териси менен сезип, жүрөгүнөн өткөргөн Сарвар чек арадагы адамдарга курал берүүнүн кесепети гана тийиши ыктымал деп эсептейт.

"Мен ошол күндөрү бир-эки айылдашым менен айылыбызды кайтарып калдык. Кыжырым кайнап, "ушул азыр колумда курал болсо, үйүмө бастырып киргендерди четинен атат элем" деп ойлодум. Бирок азыр ошол күндү эстеп, "эгер чындап колумда курал болгондо кандай болот эле?" деп чочулайм. Ошондуктан, мен муну башыман өткөргөн адам катары айта алам, чек арадагы адамдарга курал берүүнүн арты кейиштүү бүтүшү мүмкүн".

Аймактагы конфликтолог Хаитали Айкынов Баткендеги чыр-чатактарды баштан-аяк иликтеп, эл аралык уюмдар менен кызматташып келет. Ал жаңжалдардын алдын алууга мүмкүн болбой калган учурларда жок дегенде андан курмандыктардын санын азайтуу үчүн чек арадагы ыйгарым укуктуу жарандарга курал берип, укуктарын кеңейтүү зарыл деген пикирин "Азаттыкка" бөлүштү.

Хаитали Айкынов.
Хаитали Айкынов.

"Акыркы жыйырма жылда чек арадагы чатактар жалаң жер, суу талаштан келип чыккан. Таш ыргытуу менен башталган чатактар аягында минтип ок, гранатомет менен атышууга чейин жетип жатат. Ошондуктан коргонуу максатында гана, чек арада жашаган ыйгарым укуктуу адамдардын укуктарын кеңейтүүгө болот. Алар чек арачыларга маалымат жагынан көмөктөшпөй, коргонуу жагынан да жардам беришет. Жергиликтүү элдин ичинен аскерге милдеттүү жарандарды атайын окутуп, кайра даярдап, аларды зарыл болгон учурда ыкчам чогултуп, ыкчам чараларды көрүүгө болот. Анткени алар өздөрү жашаган жердин табиятын да мыкты билишет. Эл аралык тажрыйбада мындай адамдар бар".

Тандалгандар гана чек арачы ыйгарым укуктуу болот

1999-2000-жылдардагы Баткен коогасы учурунда да Кыргызстанга куралдуу адамдар бастырып келгенин Зардалыда жашаган карапайым адамдар күч органдарга кабарлаган. Кийинчерээк аймакты жакшы билбеген жаш аскерлер тажрыйбасыздык кылып, курмандык көбөйгөн учурда аймактагы мергенчилерди, тоо-токойду жакшы билген адамдарды чогултуп, алардын колуна курал берүүгө аргасыз болгон.

Баткен коогасынын катышуучусу, аскердик эксперт Асылбек Молдобаев чек арадагы ыйгарым укуктуу адамдардын мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу - чыр-чатактарда адам өлүмүнүн алдын алууга шарт түзөт деп эсептейт:

Асылбек Молдобаев.
Асылбек Молдобаев.

"Бул мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү - мезгилдин талабы. Себеби, чек арачыларга аймакка көзөмөл жүргүзүп, кайтарууда чек арадагы ыйгарым укуктуу адамдарды пайдалануу мурунтан эле, Союздун тушунда да тажрыйбаланып келген. Башка мамлекеттерде да иштейт. Жергиликтүү калктан ыйгарым укуктуу адамдарды тандап, окутуп, курал кармоого укук берүү көптөгөн өлүм жана чыгымдардын алдын алат деп айта алам. Анткени, алар аймактын рельефин жакшы, коён жатагына чейин билишет. Коңшу жашаган элдин менталитетинен кабардар, алар менен сүйлөшүүнүн жолдорун да билишет дегендей. Бул жакшы жыйынтыгын берет".

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу учурунда “өлкө бүтүндүгүнө коркунуч туудурган окуяга күбө болдук” деп, кыргыз армиясында реформа башталарын жарыялаган. Ал реформанын бир багыты катары чек ара аймактарында элдик кошуундарды түзүүнү атаган.

Быйыл 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болгон.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG