Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Өзгөчө макам Баткендин багын ачабы?


Баткен шаары.

Баткендин өзгөчө макамы тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда тармактык комитетте колдоо тапты. Негизги соода алакасы коңшулаш Тажикстан менен болгон аймакты өнүктүрүү үчүн мамлекет ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү сунуштоодо.

Чек ара жаңжалдарынан улам сырттан инвестор келбеген аймакта жергиликтүү ишкерлер арзан, узак мөөнөттүү насыя жана салык каникулдары зарыл экенин айтып жатышат.

Жыйырма жылдагы жылыш

Бир кезде Ош облусунун курамындагы Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорун, Кызыл-Кыя шаарын кошуп бир облус куроо демилгеси - 1999-жылкы Баткен коогалаңы учурунда көтөрүлгөн.

Баткенге чек арада жайгашкан аймак катары өзгөчө көңүл буруу, өнүктүрүү зарылчылыгынан улам 1999-жылы 12-октябрда облус деген статус берилген. Ошондо гана Баткен Кыргызстандын гана эмес, жалпы Борбор Азиянын геосаясий картасында стратегиялык орду бар, орчундуу роль ойногон аймак экени белгилүү болгон. Бирок облус түзүлүп, анын борборуна шаар деген макам берилгени менен, аймакты социалдык-экономикалык, коопсуздук жактан өнүктүрүүгө көп көңүл бурулбай кала берген.

Чек аралар такталбай, коңшулаш жайгашкан элдин өкүлдөрү менен чыр-чатак жаңжалдар токтогон жок. Сугат суунун, суулуу жердин аздыгынан облустун көпчүлүк тургундары бүгүнкү күнгө чейин миграцияда жүрөт.

Бул бийлик тарабынан облуска таптакыр көңүл бурулган эмес дегендикке жатпайт. Аймактын жол кыймылынын көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн Өзбекстандын Сох анклавын айланып өткөн жолдор курулду, Лейлек районуна чейинки жол оңдолуп, жаңыланды. Эл аралык уюмдардын көмөгү менен калк көп жашаган айылдар ичүүчү суу менен камсыз кылынды.

2012-жылы Лейлекте эркин экономикалык аймак курулуп, кыска убакыт гана иштеген соң жабылып калган. Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитовдун айтуусунда, аймак белгилүү бир топтун аткезчилик кызыкчылыгы менен гана курулган:

Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

"Ал жердеги СЭЗ элдин да, Баткен облусунун да кызыкчылыгы үчүн эмес, бир нече кишиден турган топтун аткезчилик менен иштөө кызыкчылыгы үчүн гана ачылган. Ошондуктан, эч кандай жыйынтык болгон эмес. Алар СЭЗдеги жеңилдиктерди пайдаланып, аткезчиликти күчөтүүнү максат кылышкан. Ошонун кесепетинен аткезчилик эмгиче уланып жатат".

Инвестор - эл

Султанбай Айжигитов аймакты өнүктүрүү үчүн сырттан инвестор же акча эмес, эң ириде саясий эрк керек экенин белгиледи. Анын айтуусунда, облусту чет жактарда миграцияда жүргөн элдин акчасы менен деле өнүктүрүүгө болот:

"Мына жыл сайын Кыргызстанга чет жактардагы мигранттарыбыз 2 млрд. доллардан ашуун акча жиберет. Аны инвестиция кылып, ишкана ачайын десе эле тоскоолдукка кабылат. Бир чакан ишкана ачып иштейин десе текшерүүчү органдар баса калат. Ошондон улам элибиз тапкан акчасын үй салат, мал алат, тойго жумшап жок кылат. Аны жол кылгандан кийин кайра дагы акча табуу үчүн Орусияга кетет. Жетекчилерде аймакты өнүктүрөм деген чын дилинен койгон ниет, аракет, аны ишке ашыруу үчүн саясий эрк болушу керек. Бизде ошол жетишпейт. Баары бийлик, акча үчүн иштейт".

Султанбай Айжигитов Баткен облусун 2004-2007-жылдары жетектеген. Ал губернатор кезинде эл аралык уюмдардан 1,5 млрд. сом инвестиция тартканын, ал акчаны Өзбекстан менен Тажикстандын анклавдарын айланып жүрүүчү жолдорду курууга сарптаганын "Азаттыкка" билдирди.

"Баткендин транспорт - жол каттам көз карандылыгын мен үч жылда жасап бердим. Ошол айланма жолдун баарын мен ашар жолу менен баштагам. Отуз жылда жасалбаган ишти үч жылда бүтүргөм. Баткен-Бүргөндү-Пүлгөн жолун, Сохтун түндүк-түштүк тарабынан айланма жолду жана башка көп жолдорду мен салдырганмын. Төрткүл - Көк-Таш - Рават жолдорун 10 млн. евро акча тартып, мен баштагам. Жолду курууга келгенде ошол акчаны жеш үчүн мени кызматтан алып, өздөрү курушкан. Ошол акчанын 2 млн. евросу кайда жумшалганы азыркыга чейин белгисиз".

Баткен-Лейлек жолу.
Баткен-Лейлек жолу.

Баткенге 10 жылда 2 млрд. сом берилген

Баткен облусуна чек арадагы аймактарды өнүктүрүү мыйзамына ылайык, 2012-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджеттен 1,9 млрд. сом бөлүнгөн. Айыл чарба, токой жана суу чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун маалыматына караганда, бул акчага жол, социалдык мекемелер курулган:

"2012-2017-жылдар аралыгында Баткенге 1,6 млрд. сом, 2017-2020-жылы 303 млн. сом бөлүнгөн. Быйыл 100 млн. сом бөлүүнү карап жатабыз. 2012-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта жалпы 1,9 млрд. сом бөлүнгөн. Бул акчага чектеш аймактарда ФАП, мектеп, асфальт жолдор курулду. Алдыңкы беш жылга дагы 600 млн. сом бөлүү маселеси каралып жатат".

Тогуз жылда бөлүнгөн дээрлик 2 млрд. сом каражат кайда сарпталды, канча мектеп, канча ФАП, канча чакырым жол, канча көпүрө курулду, ирригацияга канча каражат сарпталды деген сыяктуу суроолорго азырынча так жооп жок.

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы эки жылда кыргыз-тажик чек арасында 15тен ашуун чыр-чатак катталган. Анын ичинен эң ириси - быйыл, апрелдин аягындагы 36 адамдын өлүмү менен коштолгон куралдуу жаңжал болуп калды. Бул окуядан соң, кыргыз өкмөтү атайын токтом менен Баткен облусуна "өзгөчө макам" ыйгарууну чечти.

Өзгөчө макамдын артыкчылыгы

Токтомдун негизинде жазылган "Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзам долбоорун 18-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети биринчи окууда жактырды. Ага ылайык, министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлүнүн ыйгарым укуктары күчөтүлөт. Облустун Координациялык кеңеши түзүлүп, атайын салыктык жана инвестициялык режим киргизилмекчи.

Каржы жана экономика министринин орун басары Азим Шаршеевдин айтымында, "өзгөчө макамдын" негизинде облуска инвестиция тартууда жана салык төлөөдө бир катар жеңилдиктер берилет.

"Инвестициялык келишимди түзбөй туруп, жеңилдик алышат. Инвестиция тартуу боюнча мамлекеттин кепилдиги күчөтүлөт. Мындай жеңилдикти жана салыктын төрт түрүн төлөөдөгү жеңилдикти Баткенде иштеп жаткан бардык ишканаларга берүүнү сунуштап жатабыз. Салык жеңилдиги башка аймактарда жаңыдан иш баштап жаткандарга берилсе, Баткенде бардык ишканалар алат. Бул - киреше, мүлк салыгы жана сатуудан алынган салык боюнча жеңилдиктер".

Бул сунуштарды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджетке кошумча каражаттар каралууда. Апрелдин аягындагы чек арада болгон куралдуу жаңжалдан улам талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн 700 млн. сом бөлүнүп, бюджетке өзгөртүү киргизилген.

Инвестор сырттан келбесе, жергиликтүү ишкерге күн түшөт

Сугат суу, жайыт, жер талашкан жаңжалдар дээрлик жыйырма жылдан бери тынымсыз катталып келген аймакка сырттан ири инвестор акча салып, тобокелдикке бара албайт. Ушундан улам, аймакта иштеп жаткан же ишкана ачууну көздөгөн ишкерлерге колдоо көрсөтүү зарылчылыгы келип чыгууда.

"Каганат-инвест холдинг" ишканасы Баткенде текстиль фабрикасын жана өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борбор курууга киришкен. Бул үчүн ишкана кеминде 15 млн. доллар акчасын салып жатат.

Аталган ишкананын жетекчиси Нурбек Осмонов мамлекет тобокелдикке барып жаткан ишкерлерди ар тараптуу колдоого тийиш деген пикирде.

Нурбек Жапаров.
Нурбек Жапаров.

"Аймакты өнүктүрүү үчүн ишкерлерге он жылдык салык каникулун киргизип, жеңилдетилген насыяларды берүү керек. Соода алакасы бар мамлекеттер менен товарларды сатып өткөрүү жаатында сүйлөшүү жүргүзүү зарыл. Азыркы система менен Баткен облусун өнүктүрүү максаты ишке ашуусу кыйын, олуттуу өзгөртүүлөр болбойт".

Нурбек Осмоновдун маалыматына ылайык, өрүктү кайра иштетүүчү ишкана менен текстиль фабрикасы ишке кирсе, кеминде миң киши иш менен камсыз болот:

"Баткенди өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү үчүн Баткен шаарындагы өнөр жай аймагына өрүктү кайра иштетүүчү ишкана курууну чечкенбиз. Ишкана жылына 10 миң тонна өрүктү кайра иштетип, сатат. Мындай жогорку технологиялык жабдуу Түркиядан алып келинет. Мындан тышкары 800 жумуш орундуу текстиль фабрикасын жаңы жылга чейин ишке киргизели деп турабыз. Бул аз да болсо миграцияны токтотууга салым кошот деген ишеничтебиз. Быйыл ишке кириши керек болчу, пандемиядан улам жетишпей калдык".

Текстиль фабрикасы Баткен шаарынын четиндеги бир нече жыл мурун жалгыз бой энелер үчүн Кувейт өлкөсүнүн «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан салынган шаарчанын жанына курулууда.

Арзан насыяга муктаждык чоң

Сырттан инвестор келгенге чейин аймакты өнүктүрүү жергиликтүү ишкерлердин колунда болот. Аларга мамлекеттин колдоосу зарыл.

Жеке ишкер, Баткен облусунун тургуну Султанали Малабаев бийлик Баткенди өнүктүрүү үчүн комплекстүү өнүгүүнүн башкы планын сунуштоого тийиш экенин айтты:

Султанали Малабаев.
Султанали Малабаев.

"Сырттан инвестор келбесе, биз каражат салып, иштөөгө аргасызбыз. Чек арада тынымсыз чыккан чыр-чатак кырдаалга жергиликтүү эл, жергиликтүү ишкерлер гана чыдайт. Баткенди өнүктүрүү үчүн облус деңгээлинде комплекстүү өнүгүү планы болушу керек. Анын негизинде эң биринчи кезекте - инфратүзүм жолго коюлушу керек. Ансыз иш жылбайт. Таза суу, канализация системасы жоктугуна байланыштуу шаарга көп кабат үй курабыз деп келген компаниялар артка кайтып кеткен. Бул негизгиси. Экинчиден, аймакта электрондоштуруу, санариптештирүү системаларын тездетүү зарыл. Үчүнчүдөн, ишкерлерге насыя акчаны төмөн үстөк берүү менен керек. Мен эки жыл мурда ишкерлик кылуу үчүн 30% үстөк менен акча алдым. Өнүккөн өлкөлөрдө эң жогорку үстөк 5-6%. Ишкерлерге мамлекеттин кызыкчылыгы алдында колдоо көрсөтүлмөйүнчө ишкерлер насыя ала албайт".

Баткен облусунда учурда жүздөн ашуун ишкана бар. Алардын дээрлик тең жарымы соода менен алектенет. Тамак-аш, курулуш материалдарын чыгарган, билим берүү жана кызмат көрсөтүү жаатында иштеген ишкерлер бар.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын Баткендеги өкүлү Мурат Газиев да ишкерлерди колдоо үчүн өкмөт арзан насыяларды берүүгө тийиш экенин белгиледи.

"Бизге ишкерлер арзан насыя боюнча көп кайрылат. Үстөгү 5-6 пайыздан ашпаган, узак мөөнөттү насыялар болсо, аймакты ишкерлер өздөрү өнүктүрүп алышат. Мындан тышкары салык жеңилдиги, текшерүүлөрдү азайтуу зарылчылыгы да бар".

Баткен-Ош жолунда.
Баткен-Ош жолунда.

Баткенде 73 600 гектар айдоо аянты бар. Анын ичинде 36,2 миң гектар жери суулуу, калганы кайрак жерлер. Мөмөлүү бак, анын ичинде өрүктүн аянты 14 миң гектар болсо, 2 миң гектар жерге жүзүм эгилген. Аймактын жеринин көпчүлүк бөлүгүн суусуз, иштетүүгө мүмкүн болбогон боз талаалар түзөт. Акыркы жылдары ишкерлер андай жерлерди да тамчылатып сугаруу системасы менен жашылдандырып, иштетүү аракетин көрүп келишет.

Баткен шаарынын тургуну Анварбек Урмат уулу кайрак жерге сууну аз талап кылган бадам отургузган:

"Бадам сууну көп талап кылбайт. Кыртышты кармайт. Акчасы да кымбат. Ошондуктан, атайын бадам өстүрүүгө токтолдук. Баткенде суу тартыш, суулуу жерлер аз. Өрүк бир жыл жакшы түшүм берсе, бир жылы суук болуп туруктуу кирешеден кур калып жатабыз".

Баткен шаары Кыргызстандын борбору Бишкектен 800 чакырым алыстыкта жайгашкан. Лейлек району борбор калаадан 1000 чакырым ыраакта турат. Ушундан улам аймактын соода алакасы негизинен коңшу Тажикстандын Исфара жана Кожент шаарлары менен жүрөт. Жергиликтүү эл тамак-аштан тартып, айрым курулуш материалдарына чейин Тажикстандан ташыйт. Ошол эле учурда өрүк, күрүч, көмүр жана кээ бир Баткенде өндүрүлгөн курулуш материалдарын Тажикстанга сатат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG