Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Ак-Сай менен Ворухтун ортосуна пост коюлду


Ак-Сай менен Ворух айылдарынын чектешкен жериндеги нөөмөтчү милиционерлер. Ворух - Кыргызстандын аймагындагы Тажикстандын анклавы. Баткен. 18-май, 2021-жыл.
Ак-Сай менен Ворух айылдарынын чектешкен жериндеги нөөмөтчү милиционерлер. Ворух - Кыргызстандын аймагындагы Тажикстандын анклавы. Баткен. 18-май, 2021-жыл.

Баткен облусунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын чектеш жерине кыргыз-тажик милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду. Милициянын бекети жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыздай турганы айтылууда.

Баткендеги Ак-Сай айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы кесилишет. Эки элдин тынчтыгына көзөмөл кылуучу милиция посту ортого жайгашканы жергиликтүү эл үчүн маанилүү.

Анткени ушул тапта Ак-Сай айылынын эли малын айдап, анклав аркылуу жайлоого чыгып жаткан кези. Бул тууралуу айыл башчысы Эркин Жолчуев "Азаттыкка" билдирди.

Эркин Жолчуев.
Эркин Жолчуев.

"Апрель айынан октябрь айына чейин жайлоого каттам болот. Биздин эл бала-чакасы менен малын айдап чыгат. Ошондуктан, баягыдай окуялар кайталанбашы үчүн бизге мындай пост аба менен суудай керек".

17-майда Ак-Сай айылынын тургундары бул айылдан үч тажикстандыкты, ал эми тажик жарандары Ворух аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргызстандыкты кармап алган.

Облус жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин алар алмаштырылган. Тажикстан тарап кармаган Ак-Сай айылынын үч тургуну түрдүү жараат менен Баткендеги аймактык ооруканага жеткирилген.

Учурда алардын абалы турукташып калганын оорукананын жетекчиси Азибек Жунусов "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Абалдары туруктуу. Кечээ келген учуруна караганда кыйла жакшы. Керектүү дары-дармектер берилип, карап жатабыз. Мээси чайкалган, денелеринде көгала тактар бар".

17-майда эки тараптан адамдар кармалып, кыргыз жарандары сабалганы тууралуу маалыматтар чыккан соң, коопсуздугунан кооптонгон айрым аксайлык тургундар балдарын алып, Баткен шаарындагы туугандарыныкына кеткен.

Ак-Сайдын тургуну, 63 жаштагы Муса Надыров каңшаар маалыматтар Ак-Сайдын да, Ворухтун да тургундарын дүрбөлөң кылганын айтты:

Муса Надыров.
Муса Надыров.

"Бизге "тажиктер бала-чакасын алып, жүктөрү менен Исфарага кетип атышыптыр" деген сөз жетти. Аңгыча бизде "мугалим болуп иштеген баланы алып кирип кетишти" деген сөз тарады. Көрсө алар жайлоодон келе жатканда кармап алышкан экен. Биз чочулап, бала-бакыраны Баткен тарапка жибердик. Бул жерде жашоо кооптуу болуп калды. Өткөндө мөндүрдөй жааган ок өзгөчө бала-чаканын жүрөгүнүн үшүн алып койду. Азыр биртике катуураак үн чыкса эле, "дагы атып жатабы" деп коркуп турушат.

Кооптуу жакка кеткен айылдыктар бүгүн үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Кырдаал тынч, жакшы. Милициянын посту коюлду, тажиктер өзү тарабын, кыргыздар өзү тарабын көзөмөлдөп турат. Кечээ кечкурун губернатор келип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ошондон кийин кайтып келип жатат. Азыр абал туруктуу. Губернатор өзү "коопсуздукту сактап берем" деп убада бергенден кийин кайтып келе баштады".

17-майда Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Согд облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушкан.

Алар эки айылдын тургундарынын кармалышы боюнча окуяны талкуулап, жыйынтыгында кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын мыйзам чегинде жоопко тартууну макулдашты.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда жолугушууда посттон тышкары эки мамлекеттин чек арачылары да биргелешкен кайгуул түзүүнү келишти.

Мындан тышкары чектеш аймакта мындай окуялардын кайталанышына жол бербөө, чатактарды алдын алуу, аймакта коопсуздукту биргелешип камсыздоо тууралуу сөз болгон. Мындан тышкары чектеш эки облустун жетекчилери күч түзүмдөрүнүн башчылары менен чогуу апта сайын жолугууну макулдашты.

Ворух - Кыргызстандын аймагындагы Тажикстандын анклавы, Баткен районунун Ак-Сай айылы менен чектешет. Ак-Сай айылында 750 кожолук бар, анда 3,5 миңге чукул адам жашайт.

13-майдан 17-майга чейин Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча өкүлдөрү сүйлөшүп, протоколго кол коюшкан.

Протоколдо Лейлек району чектешкен аймактарды тактоо камтылганын Кыргызстандын министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев “Азаттыкка” билдирген.

“Чек араны тактоо жөнүндө сүйлөшүү негизинен Лейлек району боюнча болду. Кийинки жолугушуу биз тарапта болот. Азыр топографиялык жумушчу топтор жолугуп, чек араны тактап жатабыз”.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жабыркаган Достук айылындагы үйлөрдүн бири. Баткен району. Май, 2021-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жабыркаган Достук айылындагы үйлөрдүн бири. Баткен району. Май, 2021-жыл.

Апрель айынын акырындагы чек ара жаңжалында кыргызстандыктардын кыйраган үйлөрүн, социалдык жана башка мекемелерди калыбына келтирүү жана жабыркаган элдин зарыл болгон муктаждыктарын чечүү үчүн Баткен облусунда атайын эсеп ачылган.

18-майга карата бул эсепке 82 млн. 604 миң сом чогулду. Облуска куралдуу жаңжалдан бери жалпы 1919,61 тонна гуманитардык жардам келип түштү. Анын ичинде азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар, кийим-кече, курулуш материалдары бар.

Куралдуу жаңжалда документтерин жоготкон 17 жарандын паспорту жаңыланды. Жалпысынан ички паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн эки, нике күбөлүгүн алуу үчүн бир жаран кайрылган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен шаарындагы жарандарды кабыл алуу борбору (ЦОН) кырдаалга жараша саат 8:00-20:00гө чейин иштеп жатат.

Чек арадагы куралдуу жаңжалда документтерин жоготкон 17 жаранга паспорт берүү учуру. Баткен. 18-май, 2021-жыл.
Чек арадагы куралдуу жаңжалда документтерин жоготкон 17 жаранга паспорт берүү учуру. Баткен. 18-май, 2021-жыл.

Турак жайы өрттөлүп же талкаланып, үйсүз калган жарандарга жалпы 75 мобилдүү, көчмө үйлөр жана чатырлар тигилген.

28-29-30-апрелде жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда жалпы 136 үй кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураган. Анын ичинен 93 үй Лейлек, 43 жеке турак жай Баткен районунда. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG