Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Ак-Сай менен Ворух чектешкен жерге милициянын биргелешкен посту коюлду


Кыргыз-тажик чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылы менен Согд облусунун Ворух айылы чектешкен жерге эки айылга кирип-чыккан тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду. Бул тууралуу 18-майда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады. Ворух - Кыргызстандын аймагындагы Тажикстандын анклавы.

Мекеменин маалыматына караганда, 17-майда Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Согд облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушту. Эки айылдын тургундарынын кармалышы боюнча окуяны талкуулап, “жыйынтыгында кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылды”.

Чек арадагы маселелерди ыкчам чечип туруу максатында облус башчылары күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте чек арада жума сайын жолугууну макулдашышты.

Эки мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлдү.

Учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал тынч.

17-майда Ак-Сай айылынын тургундары бул айылдан үч тажикстандыкты, ал эми тажик жарандары Ворух аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргызстандыкты кармап алган. Облус жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин алар алмаштырылган. Тажикстан тарап кармаган Ак-Сай айылынын үч тургуну ар түрдүү жараат менен Баткендеги аймактык ооруканага жеткирилген.

28-29-30-апрелде жана 1-майда бул аймакта куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 адам тажикстандык каза болгон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG