Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

УКМК: жарандардын сабалышына тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат


Баткен. Ак-Сай айылы. Архивдик сүрөт.
Баткен. Ак-Сай айылы. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, Тумба аймагында Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери жолугушту.

Тараптар 17-майда кармалган кыргыз жарандарынын сабалганына тиешеси бар тажик жарандары Тажикстандын мыйзамдары менен жоопкерчиликке тартыларын сүйлөшкөнү кабарланды.

Коопсуздук чаралары үчүн Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Ворух анклавынын чек ара аймагына эки мамлекеттин күч түзүмдөрүнүн бекетин орнотуу макулдашылды. Баткен облус бийлиги Ак-Сай айлынын жергиликтүү тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөң. Учурда күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Тажикстан тарап кармаган Ак-Сай айылынын үч тургуну ар түрдүү жарааты менен Баткендеги аймактык ооруканага жеткирилген. Кыргыз-тажик чек арасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары бүгүн 17-майда эртең менен бул айылдан үч тажик жаранын кармаган. Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алган. Баткен жана Согд облустарынын жетекчилеринин сүйлөшүүсүнөн кийин кармалган эки өлкөнүн жарандары алмаштырылган.

28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алды.

Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG