Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

“Центерра” Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калганын билдирди


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Канададагы “Центерра Голд” компаниясы Жогорку Кеңештин “Кумтөр Голд Компани” ишканасына сырттан башкаруу киргизүү боюнча чечимине жооп берди. 17-майдын кечинде жарыяланган билдирүүдө кыргыз парламентинин соңку чечими “Центерра” менен “Кумтөр Голд Компанинин” укуктарына, кыргыз өкмөтүнүн узактан берки келишимдердин алкагындагы милдеттемелерине каршы келери белгиленген.

Ошондой эле кыргыз бийлиги өз өкүлдөрүн кенге, “Кумтөр Голд” ишканасына жана айрым кызматкерлеринин үйлөрүнө жөнөтүү менен 15-16-май күндөрү Кумтөр алтын кенине өз көзөмөлүн орноткону жазылган.

“Жыйынтыгында “Центерра” мындан ары Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калды жана кендеги кызматкерлердин же андагы операциялардын коопсуздугун камсыз кыла албайт. Өкмөт көзөмөлдү колго алардан бир аз мурда бардык негизги коопсуздук, мониторинг жана операциялык системалары кынтыксыз иштеп жаткан”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бирок канадалык компания кыргыз өкмөтүнүн “мурда болуп көрбөгөн аракеттеринен улам” “Кумтөр Голд” ишканасынын Кыргызстандагы бардык жергиликтүү кызматкерлеринин “Центерранын” глобалдык IT системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектегенин, бул чечим системага кимди бирөөлөрдүн уруксатсыз кирүүсүн алдын алуу үчүн жасалганын кошумчалады.

Ошондой эле “Центерра” Кыргызстандын өкмөтүн Кумтөрдөгү жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылууга, документтерди же компьютерлерди тартып алуу жана “Кумтөр Голд” ишканасынын кызматкерлерин коркутуу сыяктуу кадамдардан оолак болууга чакырган. Мындан тышкары кыргыз тарап менен конструктивдүү диалог курууга даяр экенин, бирок маселени Эл аралык арбитражга чыгарууга аргасыз болуп жатканын белгилеген.

Жогорку Кеңеш 17-майдагы чечими менен министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары парламенттин дүйшөмбүдөгү жыйында айтылды.

«Кумтөр Голддун» ишин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, парламент депутаты Акылбек Жапаров кендеги ишмердүүлүк эки айдан бери көзөмөлсүз турганын, жума күнү мөңгүлөрдүн коопсуздугунун жана алардын жылып туруусунун абалын көзөмөлдөөчү система өчкөнүн парламентте билдирген. Бул кенде иштеген адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратарын, Кыргызстан кенди өзү иштете аларын кошумчалаган.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компанини” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

12-майда депутат Акылбек Жапаров канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. “Центерра” мындай дооматтарды четке кагып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG