Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

Ташиев: Кумтөр боюнча шектүүлөрдү жоопко тарта баштайбыз


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. 2021-жылдын 17-майы.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. 2021-жылдын 17-майы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иши козголгон адамдарды суракка чакыра баштайт. Бул тууралуу 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынга чакырылган жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди:

“Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн фамилияларын ачык айтпайбыз. Бирок бүгүн токтом кабыл алынса, эртеңден баштап бул адамдарды тергөөгө чакыра баштайбыз. Ачык айтыш керек, кээ бирлерин эртеңден баштап жоопко тарта баштайбыз, алар мамлекеттен чыгып кетпеши үчүн”.

Атайын кызматтын төрагасы билдиргендей, бүгүнкү күндө бул мекемеде Кумтөргө байланыштуу бир нече кылмыш иши тергелүүдө.

Алар: Жаратылыш ресурстарына байланыштуу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка бир топ кызмат адамдары, депутаттар коррупция үчүн айыпталып жаткан иш, Жети-Өгүз райондук администрациясы айыл чарба жерлерин бөлүп берүүдө 390 миллион сомдук зыян келтиргени боюнча иш, Салык кызматы менен Социалдык фонд аркылуу мамлекетке түшпөй калган 1,5 миллиард сом боюнча жана “Кумтөр Голддун” жетекчилеринин экологияга келтирилген зыян боюнча чечимдерине байланыштуу иштер.

Парламент бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөрдүн тегерегиндеги соңку кырдаалды талкуулап жатат.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганы жарыяланды.

12-майда Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG