Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Өкмөт менен "Кумтөрдүн" тиреши

Жогорку Кеңеш 17-майда чукул жыйынга чогулуп, Кумтөр кенин убактылуу башкарууну кыргыз өкмөтүнө берди.

Парламент Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтүн дагы үч айга узартты.

17-майдын кечинде Кумтөрдү иштеткен канадалык "Центерра Голд" (Centerra Gold Inc) компаниясы кенди көзөмөлдөбөй калганын билдирди.

12-майда мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеши керектигин белгилеп, жалпысынан "Кумтөр Голд Компани" 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Анын 3 миллиард 86 миллиону экологиялык зыян үчүн айып пул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

16-майда “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

18:01 18.5.2021

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Кумтөр кенинин айланасындагы соңку окуяларга камтамачылыгын билдирди. Ал ири инвестордун өкүлдөрү бийлик менен мунасага келе албай, натыйжада Кумтөргө тышкы башкаруу киргенин белгилейт.

Мекеме тараткан маалыматта бизнес-акыйкатчы институту өлкөдөгү соңку кырдаал инвестиция тартууга жана ишкер чөйрөгө таасирин тийгизип жатканын бир нече жолу айтканы жазылган. Ошондой эле Кыргызстан экономикалык кризистен чыгуу үчүн бизнести коргоого алышы керектиги зарыл экени белгиленген.

Бизнес-омбудсмен институту Кумтөргө сырттан башкаруу киргизүүгө байланыштуу 8-майда да билдирүү таратып, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкөгө инвестиция тартууну төмөндөтөт деп эскерткен.

Билдирүүдө сырттан башкарууну киргизүү экономика боюнча эл аралык рейтингдерде мамлекеттин имиджине көлөкө түшүрө турганы белгиленген. Буга байланыштуу Кыргызстан инвесторлор менен эл аралык соттордо териштирүүгө кабылышы мүмкүн экенин эскертилген.

17-майда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды.

14:39 18.5.2021

"Центерра Голд" (Centerra Gold Inc.) компаниясы тараткан маалыматка ылайык, "Кыргызалтын" Кумтөрдөгү 26% акциясын башка тараптарга өткөрүп бере албайт жана алмашууга тыюу салынат. Ошондой эле акцияга байланышкан добуш берүү укугу чектелет. Компания мындай чечимди Кумтөр кенинин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу кабыл алды.

Аталган компаниянын билдиришинче, акциялар тууралуу чечимдер "Кыргызалтын" менен "Центерра Голддун" 2009-жылдагы келишиминде каралган. Анда кыргыз тарап акцияларын башкаруу мөөнөтүн азыр узарта албастыгы жазылган.

Канаданын BNN Bloomberg басылмасы 15-майда "Кыргызалтын" ишканасы "Центерра Голддогу" үлүшүнүн 19% сатууну көздөп жатканын жазып чыккан.

Басылма акцияларын сатууну "Кыргызалтын" өзү жарыя кылганын, бул акция баасынын төмөндөшүнө алып келгенин билдирген.

Ал эми "Центерра Голддун" Кыргызстандын өкүлчүлүгү бул маалыматты четке каккан.

"Кыргызалтындын" аталган компанияда 77,4 млн. акциясы бар жана ишкана акциялардын сатыкка коюлганы тууралуу маалыматка үн ката элек.

12:24 18.5.2021

Канада Кыргызстандын "Кумтөр" боюнча чечимине нааразылыгын билдирди

Канада Кыргызстандын маанилүү инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагындагы соңку окуяларга абдан тынчсызданып жатканын бул өлкөнүн эки министри билдирип чыгышты.

Тышкы иштер министри Марк Гарно менен чакан бизнес, экспортту өнүктүрүү жана эл аралык соода министри Мэри Нг 17-майда тараткан биргелешкен билдирүүдө Канада өкмөтү “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүү тууралуу чечимге нааразылык айтылып, бул Кыргызстанга чет жактан инвестиция тартуунун келечегине терс таасир тийгизиши мүмкүн экени белгиленди.

“Канада бул талаш-тартыш биргелешип ачык чечилбегенине нааразы. COVID-19дан кийин экономиканы толук калыбына келтирүү ишкердик чөйрөнүн ачык жана адилет болушун талап кылат. Мындай чаралар эл аралык сооданын жана чет элдик инвестициялардын көлөмүн азайтып, кыргыз элинин экономикалык жашоосуна да доо кетирет” деп жазылды министрлердин билдирүүсүндө.

12:23 18.5.2021

«Центерра» компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалганы кабарланды. Бул тууралуу экономикалык akchabar.kg порталы жазып, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругунун сүрөтүн жарыялады.

Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

Анда “Бөлтүрүк Тенгиз Аяпберген уулу “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун убактылуу сырткы башкаруучусу болуп дайындалсын” деп жазылган.

«Центерра» компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандан мүчө Тенгиз Бөлтүрүк кендин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу кызматын тапшырганын 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.

Кыргызстандын да, Канаданын да жараны Тенгиз Бөлтүрүк бул кызматка былтыр декабрда дайындалып быйыл май айында кайра шайланган. Компаниянын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар.

«Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кенди иштетүү Кыргызстанга убактылуу өтсө, адистер ага даяр экенин айтып, Тенгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков деген эки кишинин ысымын атаган.

Ысык-Көл облусунун Түп айылында туулган Тенгиз Бөлтүрүктүн өзүнүн айтымында, кен тармагында отуз жылдан бери иш алып барат.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG