Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Өкмөт менен "Кумтөрдүн" тиреши

Жогорку Кеңеш 17-майда чукул жыйынга чогулуп, Кумтөр кенин убактылуу башкарууну кыргыз өкмөтүнө берди.

Парламент Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтүн дагы үч айга узартты.

17-майдын кечинде Кумтөрдү иштеткен канадалык "Центерра Голд" (Centerra Gold Inc) компаниясы кенди көзөмөлдөбөй калганын билдирди.

12-майда мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеши керектигин белгилеп, жалпысынан "Кумтөр Голд Компани" 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Анын 3 миллиард 86 миллиону экологиялык зыян үчүн айып пул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

16-майда “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

12:22 18.5.2021

“Центерра” Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калганын билдирди

Канададагы “Центерра Голд” компаниясы Жогорку Кеңештин “Кумтөр Голд Компани” ишканасына сырттан башкаруу киргизүү боюнча чечимине жооп берди. 17-майдын кечинде жарыяланган билдирүүдө кыргыз парламентинин соңку чечими “Центерра” менен “Кумтөр Голд Компанинин” укуктарына, кыргыз өкмөтүнүн узактан берки келишимдердин алкагындагы милдеттемелерине каршы келери белгиленген.

Ошондой эле кыргыз бийлиги өз өкүлдөрүн кенге, “Кумтөр Голд” ишканасына жана айрым кызматкерлеринин үйлөрүнө жөнөтүү менен 15-16-май күндөрү Кумтөр алтын кенине өз көзөмөлүн орноткону жазылган.

“Жыйынтыгында “Центерра” мындан ары Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калды жана кендеги кызматкерлердин же андагы операциялардын коопсуздугун камсыз кыла албайт. Өкмөт көзөмөлдү колго алардан бир аз мурда бардык негизги коопсуздук, мониторинг жана операциялык системалары кынтыксыз иштеп жаткан”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бирок канадалык компания кыргыз өкмөтүнүн “мурда болуп көрбөгөн аракеттеринен улам” “Кумтөр Голд” ишканасынын Кыргызстандагы бардык жергиликтүү кызматкерлеринин “Центерранын” глобалдык IT системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектегенин, бул чечим системага кимди бирөөлөрдүн уруксатсыз кирүүсүн алдын алуу үчүн жасалганын кошумчалады.

Ошондой эле “Центерра” Кыргызстандын өкмөтүн Кумтөрдөгү жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылууга, документтерди же компьютерлерди тартып алуу жана “Кумтөр Голд” ишканасынын кызматкерлерин коркутуу сыяктуу кадамдардан оолак болууга чакырган. Мындан тышкары кыргыз тарап менен конструктивдүү диалог курууга даяр экенин, бирок маселени Эл аралык арбитражга чыгарууга аргасыз болуп жатканын белгилеген.

Жогорку Кеңеш 17-майдагы чечими менен министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары парламенттин дүйшөмбүдөгү жыйында айтылды.

01:27 18.5.2021

Убактылуу башкаруу

Кыргызстандагы эң ири алтын кени, ар бир бийликтин баш оорусуна айланып коррупциялык шек-шыбаалардан арылбай келаткан «Кумтөр Голд» ишканасын кыргыз бийлиги убактылуу башкарат. Мындай чечимди Жогорку Кеңеш 17-майдагы кезексиз жыйынында кабыл алып, «Кумтөр Голддун» ишин териштирип жаткан мамлекеттик комиссиянын сунушун 91 депутат колдоду. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Ошентип канадалык «Центерра Голд» (Centerra Gold Inc) ишканасы иштетип келаткан Кумтөр кенин башкарууну кыргыз бийлиги убактылуу өз колуна алып, өндүрүштү жүргүзгөнү калды. Бул парламенттин саясий чечими катары бааланды.

«Кумтөр Голддун» ишин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, парламент депутаты Акылбек Жапаров кендеги ишмердүүлүк ансыз да эки айдан бери көзөмөлсүз турганын, жума күнү мөңгүлөрдүн коопсуздугунун жана алардын жылып туруусунун абалын көзөмөлдөөчү система өчкөнүн айтты. Бул кенде иштеген адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратарын кошумчалап Кыргызстан кенди өзү иштете аларын билдирди.

Акылбек Жапров
Акылбек Жапров

"Алтынды өзүбүз сатканга жана экономикага иштеткенге бардык механизмдерди үч айда бүтүрдүк. Иш үзгүлтүккө учурабайт. Биз кенди 24 саат иштеткенге даярбыз. Финансы министрлиги 25 миллион долларга тийиштүү насыя бергенге даяр. 2006-жылы да жумушчу топтун жетекчиси болуп турганда мен министр катары «Кыргызалтын» ишканасына 25 миллион доллар берип, алтынды үзгүлтүксүз сатып алып, кайра сатып турганбыз. Тенгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков деген эки жараныбыз келди. Алар «Кумтөрдөн» да чоң ишканаларды иштетип жүргөн».

Жогорку Кеңеш 17-майда кабыл алган токтомго ылайык, эми Министрлер кабинети «Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу тыштан башкаруу киргизип, анын жетекчисин дайындашы керек.

Жапаровдун сөзүнөн маалым болуп калгандай ишкананы Тенгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков башкарат. Парламенттин жыйынында Тенгиз Бөлтүрүк «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешине мүчө кызматынан кеткени дайын болду. Кыргызстандын да, Канаданын да жараны Тенгиз Бөлтүрүк бул кызматка былтыр декабрда дайындалып быйыл май айында кайра шайланган. Компаниянын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар.

Кенди улутташтыруу чакырыгы

«Кумтөр Голд» компаниясынын ишин териштирип жаткан мамлекеттик комиссия туура үч ай иштеди. Комиссиянын сунушу менен парламент алардын ишин дагы үч айга узартты. Башкача айтканда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары шайланганга чейин.

Комиссиянын мүчөсү, парламент депутаты Рыскелди Момбеков «Kумтөр Голд» ишканасын улутташтырууну сунуштады. Ал комиссиянын токтом долбоорун колдоп кол коюп бергенин, бирок өзгөчө пикири бар экенин айтып, комиссиянын корутундусу саясатташтырылып кеткенин сындады.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

«Биз «Kумтөр Голдго» 5 миллиард долларга жакын доону коюп жатабыз. Бирок мен бул доону өндүрө аларыбызга, «Кумтөрдү» көндүрө аларыбызга ишенбейм. Өндүрүп алсак Кытайдын карызынан кутулуп, ар бир кыргыз алтын аяктан суу ичип жакшы болот эле. Бирок мунун баары менин жеке пикримде жомок. Соттошуу бул коштошуу эмес – достошуу. Эгерде коштошо турган болсок башка жол менен баралык. Элди убара кылбай, элге убада кылбай улутташтырып салалы. Ошону кылалы, кылбасак «кысалы». Башка сөз жок. Биз эмне үчүн 2003 жана 2009-жылкы келишимдер тууралуу учкай кеп кылып, калгандарына басым жасап жатабыз? Бул саясат да».

Саясат демекчи Акылбек Жапаров комиссия Кумтөр алтын кени боюнча келишимдерге кол койгон мурдагы бир топ жетекчилердин жана кызмат адамдарынын ишине юридикалык баа берүүнү сунуш кылганын жарыялады.

«Келишимге кол койгон президенттердин, премьерлердин тизмеси, Экотехинспекциянын ошол убактагы директорлору, 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки баары, төрт пайыз салыкты албай, жыл сайын кол коюп берген Салык инспекциясынын директорлору, «Центерра Голд» ишканасынын директорлор кеңешиндеги кыргыз тараптын мүчөлөрү, «Кыргызалтын» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагаларынын баарына чет элдик компаниянын кызыкчылыгын колдогону үчүн баа берүүнү өтүнүп укук тартибин коргоо органдарына, Башкы прокуратурага жиберип жатабыз».

Момбеков «Kумтөр Голддун» ишин 2003-2007-2009-жылдары иликтеген комиссияларда Акылбек Жапаров иштегенин, ал үчүн Жапаровдун да жоопкерчилиги бар экенин айтты. Ошондой эле ал мурдагы президенттер менен тыгыз иштешип келгенин белгилеп, кетирилген кемчиликтерди убагында айтып чыкпаганы үчүн сындады.

"Кумтөр" боюнча козголгон иштер

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иши козголгон адамдар суракка чакырыла баштарын кабарлады. Атайын кызматтын төрагасы билдиргендей, бүгүнкү күндө бул мекемеде Кумтөргө байланыштуу бир нече кылмыш иши тергелүүдө.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«Алар: Жаратылыш ресурстарына байланыштуу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка бир топ кызмат адамдары, депутаттар коррупция үчүн айыпталып жаткан иш, Жети-Өгүз райондук администрациясы айыл чарба жерлерин бөлүп берүүдө 390 миллион сомдук зыян келтиргени боюнча иш, Салык кызматы менен Социалдык фонд аркылуу мамлекетке түшпөй калган 1,5 миллиард сом боюнча жана «Кумтөр Голддун» жетекчилеринин экологияга келтирилген зыян боюнча чечимдерине байланыштуу иштер».

6-майда «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирди.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор «таптакыр негизсиз» экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, «Кумтөр Голд» мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

Эл аралык сотко сүйрөгөн чечим

16-майда Торонто шаарында жайгашан «Центерра Голд» компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады. Ишкана Бишкек келишимге келбесе, «Кумтөр Голд» тарткан бардык чыгым үчүн арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнүн жоопкерчилигин кароону өтүнөрүн билдирди. Компаниянын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри:

Скотт Перри
Скотт Перри

"Центерра Голд өз укугун «Кумтөр Голд» ишканасынын жана акционерлердин кызыкчылыгын арбитражда коргоодон башка аргасы калган жок. Эгерде өкмөт конструктивдүү диалогго барууну кааласа биз даярбыз».

12-майда мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген.

Комиссиянын маалыматына ылайык, Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми канадалык «Центерра Голд» компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапкан. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

20:28 17.5.2021

Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Мындай чечим парламенттин 17-майдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Ошону менен катар парламент Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтүн дагы үч айга узартты.

"Кумтөр Голдго" тышкы башкаруу киргизүүнү ошол комиссия сунуш кылган.

"«Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам парламентте быйыл 6-майда кабыл алынып, 14-майда ага президент кол койгон.

Мыйзамда жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды бузган, адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген ишканаларга тышкы башкаруу киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдер камтылган. Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган берене менен толукталган.

"Кумтөр Голдго" убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары бүгүнкү жыйында айтылды.

18:20 17.5.2021

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Кумтөр” ишканасын жаап, алтын казып алууну токтотуу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча чакырылган кезексиз жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Депутат Кумтөрдү иштетүүдөн Кыргызстан пайда көрбөгөнүн, өкмөт соттошсо айласыздан сүйлөшүүгө барарын, кенди өз алдынча иштетсе жеке кызыкчылыгына пайдалангысы келген топтор пайда болорун, экология талкаланарын айтып, инновация, билим жолун тандаса, “жашыл экономикага” өтсө дүйнөнүн колдоосун табарын белгиледи:

“Биз “Кумтөрдү” жаап салышыбыз керек. Такыр иштетпешибиз керек. Биз да, алар да. Отуз жылда биздин тапкан пайдабыз 1,7 миллиард экен. Зыян 5 миллиардга жакын деп көрсөтүп жатасыздар. Ошонун 50% алганыбызда деле чыгымдын ордун толтура албайт экенбиз. Демек биз зыян тартып жатыптырбыз да. Эч кандай пайдасы жок экен да”.

Жогорку Кеңеште бүгүн Кумтөрдүн тегерегинде түзүлгөн кырдаал талкууланууда.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG