Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Мурдагы президенттер тушунда сыртка ташылып кетти деген алтын боюнча маалымат берилди


Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

«Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен буга чейинки президенттердин тушунда сыртка ташылып кетти деген алтындын көлөмү тууралуу маалымат берди.

«Акаевдин убагында 156 тонна, Бакиевдин убагында 68,2 тонна, Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен», - деди Жапаров.

Жапаров Кыргызстандын мурдагы төрт президенти тең Кумтөр маселесин чечүүгө эрки жеткен эмес деген пикирин айтып, алардын ар бири убагында кендин ишин иликтөө боюнча комиссия түзгөнүн кошумчалады. Бир гана экс-президент Роза Отунбаева комиссия түзбөгөнүн белгилеп, «бирок Роза Исаковна деле Убактылуу өкмөттүн бир декретин аябай туруп Кумтөрдү улутташтырып салса болмок эле» деп кошумчалады.

Жапаров атын атаган мурдагы жетекчилер жана "Кумтөр Голд" компаниясы бул тууралуу комментарий бере элек.

Парламент бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөрдүн тегерегиндеги соңку кырдаалды талкуулап жатат.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

12-майда Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG