Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

COVID-19: сегиз адам каза болду, 525 бейтаптын абалы оор


Кыргызстандагы ооруканалардын бири
Кыргызстандагы ооруканалардын бири

Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен 4 039 киши ооруп жатат, 525 бейтап оор абалда.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 17-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу сегиз адамдын өмүрүн алганын кабарлады. Каза болгон бейтаптардын бешөө Бишкектен, экөө Чүй облусунан, бирөө Ысык-Көлдөн катталды.

2020-жылдын март айынан бери вирустан 1711 адам көз жумду.

Оору дагы 259 адамдан аныкталды. Вирусту жуктургандар 100 732 кишиге жетти.

Үй шартында азыркы тапта 2 345 бейтап дарыланууда, 1 694 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 94үнүн абалы өтө оор, 431и оор болууда.

Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG