Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Кыргызстанда курулуш материалдары кымбаттады


Бишкектеги кирпич заводдордун бири
Бишкектеги кирпич заводдордун бири

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы 18 калктуу конушта изилдөө жүргүзүп, натыйжада курулуш материалдары 2020-жылдын апрель айына карата быйыл бир топ эсе кымбаттаганын аныктады.

Цементтин баасы 50 килограммына орто эсеп менен 306 сомго сатылып, былтыркы апрелге салыштырмалуу 9% өскөн. Бышкан кыштын миң даанасы быйыл 7 262 сом болуп, бир жылда 14% кымбаттады.

Жумгал району бир мүшөк цемент 374 сомго сатылып, өлкөдөгү бул товар эң кымбат бааланган аймак болуп калды. Бишкекте бир кап цемент 297 сомго чыкты. Миң даана кирпич эң кымбат сатылган шаар 13 228 сом болуп, Токмок экени аныкталды. Кербен жана Кара-Суу шаарларында миң кирпич эки жарым миңден үч миң сомго чейин сатылып жатат.

Азык-түлүк, күндөлүк турмуш тиричилик буюмдарынын баасы былтыртан бери бир нече эсе өстү. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG