Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Мьянмада аскердик режимге каршы топ менен жоокерлер кагылышты


Токойдо баш калкалаган мьянмалыктар. Архив.
Токойдо баш калкалаган мьянмалыктар. Архив.

Мьянманын Миндат шаарында аскерлер менен кагылышууда бери дегенде беш адам каза болуп, дагы бешөө кармалды. Бул тууралуу Франциянын Эл аралык радиосу Чин мамлекеттик боштондук күчтөрүнүн козголоңчуларына таянып билдирди.

Индиянын баш калаасынан анча алыс эмес жайгашкан Миндат калаасында 13-майдан бери аскердик абал жарыяланган. Кырк миң калкы бар шаарда түзүлгөн жикчилдер кыймылы колго жасалган жана аңчылык куралдарын колдонуп жатышканы кабарланууда.

Ишемби күнү алар шаарга келген аскерлерге буктурма жасап, бир нече жүк ташуучу унааларды өрттөп жиберишти. Өкмөт күчтөрү жоокерлер артиллерия колдонуп, козголоңчулар шаардан качып, токойдо баш калкалоого аргасыз болушкан. Алар жакын арада кайтышарын AFP агенттигинин кабарчысына билдиришкен.

Буга чейин эл аралык маалымат каражаттары козголоңчулардын катарында мурдагы "сулуулар ханышасы" Хтар Хтет Хтет да бар экенин жазышкан. Ал 2013-жылы Тайландда өткөн эл аралык сулуулар сынагында Мьянманын атынан катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG