Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Израиль "Хамастын" лидери жашаган үйдү бомбалады


Газа шаары. 16-май 2021-жыл
Газа шаары. 16-май 2021-жыл

Израилдин соккусунан 16-майда Газа тилкесинде "Хамас" уюмунун лидери жашаган турак-жай талкаланды, 26 палестиналык каза тапты.

Ал тапта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулаганы жатат. 2014-жылдан берки эң айыгышкан салгылашуулар дем алыш күндөрү уланып, окко учкандардын саны Газада 174 кишиге жеткенин палестин жетекчилиги кабарлады. Израиль тарапта 10 кишинин өлгөнү маалымдалган.

Ишембиде жөөт өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Вашингтондун жана БУУнун тынчтык орнотуу тууралуу үндөөлөрүнө карабай, палестин жоочуларына каршы азыркы операция “канча керек болсо, ошончолукка созуларын” билдирди.

Анын алдында Израиль артиллериясы Газаны көзөмөлдөгөн “Хамас” согушкер тобунун жогорку жетекчилигине жана кол башчыларына каршы бир нече сокку урган.

Эртеси, 16-майда жөөт армиясы уюмдун саясий канатын башкарган Яхья Синвардын үйүн бутага алганы кабарланып, бирок анын өлгөнү, же өлбөгөнү айтылган жок.

Ишембиде ошондой эле Израиль аскерлери абадан урган соккудан Газа шаарындагы 12 кабаттуу имарат кыйрап калды. Анда Al-Jazeera жана Associated Press өңдүү эл аралык кабар агенттиктер жайгашкан. Израиль армиясы ал жакта Хамастын атайын кызматтары орун алганын, агенттиктерди тирүү калкан катары колдонуп келишкенин айтып түшүндүргөн. Маалыматка караганда, элди башка жерге көчүрүү үчүн даярдалып жаткан сокку тууралуу алдын ала айтылган.

Associated Press чабуулду айыптап, Израилден далилдерди көргөзүүнү сурады. “Хамастын” имаратта жайгашкан же бул жерден ишин алып барган деген эч кандай кабарыбыз жок”, – деп айтылат билдирүүдө.

Палестин бийлиги Газада 174 киши, арасында 47 жашы жетелек бала мерт кеткенин билдирди. Израиль алардын арасында ондогон согушкер бар экенин айтууда. Жөөт бийлиги өз тарабында 10 киши, арасында 2 бала набыт болгонун маалымдады.

БУУун баш катчысы Антонио Гутерриш Газадагы кармашта ушунча карапайым киши өлгөнүнө кабатырлануусун жана медиа уюмдар жайгашкан имаратка урулган соккуга байланыштуу “терең тынчсыздануусун” билдирди.

Баш катчы тараптарды бейкүнөө адамдарды жана медиа структураларды бутага алуу эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелерин унутпоого чакырды.

Газа шаары, 14-май 2021-жыл
Газа шаары, 14-май 2021-жыл

БУУнун маалыматына ылайык, Газанын 10 миңдей тургуну салгылашуулардан качып Израиль менен чек ара аймагындагы үйлөрүн таштап кетишти. “Алар мектептерде, мечиттерде же башка жайларда баш калкалоого аргасыз. Пандемиянын тушунда алар таза суу, тамак-аш тартыш шартта, медициналык тейлөөсүз күн көрүп келатышат”, - деп билдирди уюмдун гуманитардык иштер боюнча өкүлү Линн Хастингс.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери 18-майда Израиль-Палестина жаңжалын, шаркеттин тынчтык орнотуу аракетине салымын талкуулоо үчүн чукул жыйынга чогулушмакчы.

Рамат Ган, Израиль. 14-май 2021-жыл
Рамат Ган, Израиль. 14-май 2021-жыл

Израиль армиясы 16-майда билдиргендей, кырдаал чыңалгандан берки бир жумада Газадан 3 миңдей ракета атылды. “Хамас абдан интенсивдүү аткылап жатат”, – деп айтты генерал Ори Гордин.

Ишембиде АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Палестин президенти Махмуд Аббас менен сүйлөшүп, тараптарды тынчтыкка үндөдү.

Ошол эле күнү Европанын жана Түндүк Американын айрым шаарларында Газа тилкесиндеги атышууну токтотууга чакырган демонстрациялар болду.

Аймактагы кырдаал он чакты күн мурун кескин курчуду. “Хамас” согушкер тобу Чыгыш Иерусалимде палестиналык бир нече үй-бүлөөнү көчүрүү тууралуу чыгарылган соттук чечимден кийин жана Ал-Акса мечитинин жанындагы жаңжал маалында жөөт полициясы менен палестиналыктардын кагылушуусу үчүн өч алуу иретинде Израилдин аймагына ракета ата баштаган. Израиль калк жыш жайгашкан Газа шаарын абадан жана артиллериядан аткылап жооп кайтарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG