Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Газада абал курч бойдон кала берүүдө


Газа тилкесинде палестиналык согушкерлер менен израил армиясынын абадан соккулары токтобой жатат. Эки тарап бирдей коргонуп жатканын айтышууда. Эл аралык коомчулук Газадагы абал көзөмөлдөн чыгып кетеби деп тынчсызданып, израил-палестиндерди тынч сүйлөшүүлөргө чакырышты.

Газа тилкесиндеги ХАМАС баштаган кошуундар 13-майдын таңында Израилди көздөй ондогон ракеталарды аткылашты. Бир күн мурда израил аскерлери Газага абадан сокку уруп, палестиналык согушкерлердин башчылары каза болуп, көп кабаттуу турак жайлар талкаланган.

10-майда Газада куралдуу жаңжал курчугандан бери 56 палестиналык мерт болгону, алардын 14ү балдар экени кабарланды. Израил тарап кеминде жети киши каза болгонун билдирди.

Жо Байден
Жо Байден

Шаршембиде АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефондон байланышып, «Израилдин коргонууга мыйзамдуу укугун колдоорун» билдирген.

«Мен бул жаңжал кеч эмес, жакынкы арада токтойт деп үмүт кылам. Бирок, аймагына миңдеген ракеталар атылып жатканда Израилдин коргонууга укугу бар»,-деди Байден Ак үйдөгү басма сөз жыйынында.

Ал эми Нетаньяху «Газадагы ХАМАСтын жана башка террордук күчтөрдүн мизин кайтаруу аракети уланта берерин» билдирсе, ХАМАСтын лидери Исмаил Хания «душмандар менен чабышууну токтотпостугун» айткан.

Исмаил Хания
Исмаил Хания

Израил бийлигинин маалыматы боюнча соңку үч күндүн ичинде Газадагы ХАМАС менен «Ислам жихады» радикал топтору Израилди көздөй 1600дөй ракета атып, алардын көбүн жөөт аскерлери асманда жардырууга жетишкен.

Ошол эле кезде израил аскерлери эки миллиондой киши жыш жашаган Газа тилкесине абадан 600дөй сокку урушкан. Алар бутага курал-жарак кампалары, туннелдер менен жоочулардын башкаруу борборлору алынганын айтып жатышат.

12-майда израилдиктердин соккусунан Газа тилкесинде палестиналык согушкерлердин бир командачысы менен бир нече башчылар мерт болгонун ХАМАС кыймылы да тастыктады.

Газа тилкесиндеги палестиналыктар менен израил аскерлеринин ортосундагы жаңжал күчөп жатканына байланыштуу дүйнөлүк коомчулук абал көзөмөлдөн чыгып кетеби деп тынчсызданып жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык орнотуу боюнча чабарманы Тор Веннесланд «биз кеңири масштабдагы согушка жакындадык»,-деп билдирсе, Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш «тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн аракеттерди эки эсе көбөйтүүгө» чакырган.

Москвадагы брифингде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусиянын, АКШнын, БУУнун жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү атайын жыйынга чогулуп, куралдуу жаңжалды токтотууга арачылыкка өтүшү керектигин белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 12-майда жабык эшик артында чукул жыйын өткөрүп, аймактагы чыңалууну жөнгө салуу үчүн бирдиктүү кадамдарга барууну сүйлөшкөнү маалым болду.

Бул жыйындан соң Норвегия, Эстония, Франция менен Ирландия бирдиктүү билдирүү жасап, жергиликтүү жай тургандар менен балдардын өлүмүнө себепчи болуп жаткан куралдуу тирешүүнү токтотууну, Израилди Чыгыш Иерусалимдеги мусулмандарга кысымды бөгөттөөгө чакырды.

Ислам дининдеги жана иудаизмдеги эң ыйык жайлар жайгашкан Чыгыш Иерусалимдин макамы узак жылдардан бери израилдиктер менен палестиналыктардын карама-каршылыгына себеп болуп келет.

Аймактагы акыркы кагылышууларга жөөт тургундардын отурукташуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн палестиналык үй-бүлөлөрдү Чыгыш Иерусалимдеги конуштардан көчүрүү тууралуу соттун чечими себеп болду. Буга нааразы болгон палестиналыктар 7-майда полиция кызматкерлерине таш, бөтөлкө жана арматураларды ыргытышкан.

Палестиналык басылмалар Израил нааразы болгондорду таратуу үчүн кулак тундуруучу гранаталарды жана желим окторду пайдаланганын, андан соң полиция Ал-Акса мечитин күч менен алганын жазышкан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG