Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Кыргызстандын муфтияты Ал-Акса мечитиндеги окуяны айыптады


Ал-Акса мечити.
Ал-Акса мечити.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) Иерусалимде (Кудус) Ал-Акса мечитиндеги мусулмандарга кол салууну айыптап, бул окуя мусулман калкы үчүн оор сокку болгонун белгиледи жана муну адамдардын ыйык сезимдерин кордоо, мусулмандарга кысым жана адам укугун бузуу деп баалады.

Муфтияттын билдирүүсүндө “Анткени Кудустагы Ал-Акса мечити эң биринчи кыбыла жана исламдын Медина менен Меккеден кийинки үчүнчү ыйык жайы” деп айтылды.

Газа тилкесинде абалдын курчушуна Израилде сот жөөт тургундарынын отурукташуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн палестиналык араб үй-бүлөлөрүнүн бир нечесин Чыгыш Иерусалимден көчүрүү тууралуу чечим чыгарганы себеп болду. Соттун бул чечими палестиналыктардын нааразылыгын жаратып, 7-майда жума намаздан кийин алар полицияга таш, темир ыргытканын, ал эми полиция желим ок менен атып, Ал-Аска мечитин басып алганын, ичиндегилерди чыгарып салганын жергиликтүү басылмалар жазышкан.

11-майга караган түнү Газа тилкесинде ХАМАС баштаган кошуундар Израилди көздөй ракета атса, израилдик күчтөр бул анклавга абадан сокку урду. Палестинанын саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилери Газада жалпысынан 24 адам мерт болгонун билдиришти. Жалпысынан аймакта 100дөн ашык адам жаракат алды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG