Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

COVID-19: сегиз бейтап каза болду, оору дагы 283 кишиге жукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 12-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада илдеттен сегиз бейтап каза болду. Алардын бешөө Бишкекте, үчөө Чүйдө катталды. Муну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1675 адамга жетти.

Акыркы суткада 283 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (158) жана Чүйдө (75) катталды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 99 316 адамга жетти.

Бир күндө 289 адам сакайып чыкты. Учурда 1755 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 89 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Ушул күндөрү 43 миңден ашуун киши вакцина алды.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG