Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

БШК Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды


Оштогу шайлоо тилкелеринин бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Оштогу шайлоо тилкелеринин бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-майдагы жыйынында Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоодо 27 добушканадагы жыйынтыктарды жокко чыгарды.

Мындай сунушту Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов берип, БШКнын сегиз мүчөсү колдоп, төртөө каршы добуш берди. Бекматов Ошто жапырт каттоого тургузуу болуп, үгүт иштеринин эрежелери бузулганын айтты.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңешке катышкан шайлоочулардын добуштарынын үчтөн бири жокко чыгарылса кайра шайлоо болушу керек. Шаардык кеңешке шайлоодо Ошто жалпы 78 добушкана иштеген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими президентке жөнөтүлүп, өлкө башчы эми кайра шайлоонун датасын аныктайт.

11-апрелдеги өткөн шайлоодо Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышып, төртөө өткөн. Алар: «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Ынтымак», «Ыйман-Нуру».

Алты партия – «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Улуу Журт», «Республика», «Бир Бол» жана «Бүтүн Кыргызстан» - жыйынтыкка нааразы болуп, президентке кайрылуу жолдошкон. «Шайлоо ыплас өттү» деп, мэрияны мыйзам бузууга барган деп сынга алышкан. Калаа мэри Таалайбек Сарыбашевдин жоопкерчилигин карап чыгууну талап кылышкан.

Сарыбашев жана шаардык мэрия өз дарегине айтылгандарды четке каккан.

6-майда Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Ош жана Бишкек шаардык кеңештерин шайлоо добуш сатып алуулар менен коштолгонун айтып, жыйынтыкты жокко чыгаруу демилгесин парламенттин жыйынында көтөргөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG