Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Башпрокуратура экологияга 100 млн. сом зыян келтирген ишкананы тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура "Кадастр” мекемеси "Ч.З" деген кыскартуу менен берилген жеке менчик ишканадан айыл чарба жоготуулары үчүн 133 миллион сом албай, жерди акысыз бергенин аныктады.

Маалыматка ылайык, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кадастр" мекемеси тоо-кен тармагындагы "Ч.З" ишканасына өндүрүш үчүн убактылуу жер пайдаланууга күбөлүк жана 726 га жер тилкесин бекер берген.

Буга байланыштуу Жалал-Абад облустук прокуратурасы пайданы өндүрүү максатында сотко доо арыз менен кайрылган. Чаткал райондук соту доо арызды жарым-жартылай канааттандырып, “Ч.З” ишканасынан 103 миллион сом өндүрүү чечимин чыгарды.

Былтыр декабрда жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору коррупцияга шектелип кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аны "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча алган туруктуу коррупциялык схема уюштурган деп шек санап жатканын билдирген.

Өткөн айда “Кадастр” мекемесинин Оштогу филиалынын жетекчи да коррупцияга шектелип кармалды. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG