Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Исхак Масалиев Молдокматов тууралуу башкы прокурорго кайрылды


Жеңиш Молдакматов. ИИМ имаратынын алдында. 8-май, 2021-жыл. Бишкек.
Жеңиш Молдакматов. ИИМ имаратынын алдында. 8-май, 2021-жыл. Бишкек.

Жогорку Кеңештин эс-депутаты Исхак Масалиев “Туран” партиясынын лидери, камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматовдун ишине байланыштуу башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Анда Молдокматов октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилиги менен камакта жаткан саясатчылар, анын ичинде ошол кезде түрмөдө отурган Садыр Жапаровду бошотуу тууралуу сүйлөшкөнү белгиленген.

Эгер Молдокматовдон калайман башаламандык уюштурган деген айып алынып салынбаса ушул эле берене менен Садыр Жапаровду, Өмүрбек Суваналиевди, Сыймык Жапыкеевди, Алмамбет Шыкмаматовду дагы башка бир катар адамдарды жоопко тартууга байланыштуу суроо жараларын белгилеген.

Былтыр парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 8-майда Биринчи май райондук сотунун токтому менен эки айга камалды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Молдокматовго алгач былтыр октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деген айып таккан. Кийин аны өзгөртүп Жазык кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кине койду.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук деп баалады. Ал соңку учурда президенттин саясатын кескин сындап жаткан.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG