Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Казан: мектептеги кол салуу, кыйылган тогуз өмүр


Татарстандагы кол салуу болгон мектеп.
Татарстандагы кол салуу болгон мектеп.

Татарстандын баш калаасы Казандагы мектептердин биринде атылган октон бери дегенде тогуз адам мерт болду. Алардын жетөө окуучу, бирөө мугалим. Жараат алгандардын саны 20дан ашты. Кылмышка шек саналган адам колго түшкөнү кабарланды.

Казан шаарындагы №175 мектептин жанында "Тез жардамдын" жана полициянын автоунаалары батпай турат. Миңдей окуучу билим алган мектептеги окуя эртең менен саат 10:45те болгон.

"Эмне болуп кеткенин деле билген жокпуз. Отурсам эле «тарс» деген үн угулду. Эмне жарылганын түшүнбөй калдым", - деди мугалимдердин бири.

Орус медиалары алгач мектепке эки адам кол салганын, 11 киши мерт болгонун жазган. Кийин бул маалыматты Татарстандын Ички иштер министрлиги четке какты.

Окуя болгон жерге барган Татарстандын президенти Рустам Минниханов жети өспүрүм жана бир мугалим каза тапканын билдирди. Анын айтымында, төрт бала менен үч кыз 8-класстын окуучулары болгон.

"Тиешелүү бардык иштер жүргүзүлүп, мектепке да, үй-бүлөлөргө да жардам көрсөтүлөт. Бүгүн биздин өлкө өтө чоң трагедияга күбө болду. Биз ушундай болуп кеткенине өкүнөбүз", - деди Минниханов.

Көп өтпөй дагы бир окуучу кыз мерт кеткени маалым болду.

«РИА Новости» агенттиги жазгандай, эки окуучу терезеден секирип кетип көз жумган. ТАСС агенттиги Билим берүү министрлигиндеги өз булактарына таянып 32 адам жабыркаганын, алардын баары ооруканага жеткирилгенин кабарлады. Татарстандын расмий органдары 20дай киши жарадар болгонун билдирди.

"Биринчи кабатта жардыруу болгондо орус тил сабагын окуп жатканбыз. Алгач маани деле берген жокпуз. Анан бир нече жолу жардыруу болду. Балдар терезени көздөй чуркап, биринчи кабатты карашты. Бардык терезелер күүлүп түшүп, эшиктер, столдор талкаланыптыр", - деди 8-класстын окуучусу.

Расмий маалыматтарга караганда, шектүү дал ушул мектепти төрт жыл мурда бүтүп кеткен 19 жаштагы Ильназ Галявиев болгон. Ал колго түшкөнү кабарланды.

«Азаттык» радиосунун орус кызматы Галявиев Татарстандын башкаруу университетинин алдындагы коллеждин студенти экенин аныктаган. Бул маалыматты аны менен чогуу окугандар да ырастады. Ошондой эле мындан бир нече күн мурда Галявиев "Телеграмдан" канал ачып, адам өлтүрүүгө чакырык жасаганы маалым болду. Бирок ал жакта мектеп тууралуу сөз болгон эмес. Кийин канал жабылган.

№175 мектеп калаанын Жаудата Файзи көчөсүндө жайгашкан. Мектептин сайтындагы маалыматка ылайык, анда миңден ашуун окуучу билим алат жана 60ка чукул мугалим иштейт. Мектеп 2006-жылы ачылган.

Казан шаарындагы мектептердин көбүндө окуу токтоп, балдар үйүнө таркатылды. Шаарда контртеррордук операция режими киргизилди. 12-май Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Татарстандын тергөө комитети «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Окуядан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин курал сатуу эрежесин катаалдаштырууну тапшырды.

Соңку жылдары Орусияда мектептерге бир нече жолу кол салуу катталган. Алардын көбүн окуучулар же мектепти мурда бүтүрүп кеткендер уюштурган.

2018-жылы Орусия басып алган Керч шаарындагы коллежге жасалган кол салуудан 20дан ашуун адам мерт кеткен. Ал эми 2019-жылы Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагындагы Благовещенск шаарындагы коллежге жасалган чабуулдан бир студент мерт болгон.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG